Футбол-2018: Испания 1-0 Иран

 

Футбол боюнча дүйнө чемпионатынын алкагында Испания курама командасы тайпалык оюндарда Иранды 1:0 эсебинде жеңип,  “Б” тайпасында 4 упай топтоп, биринчи орунду Португалия курама командасы менен бөлүшүп турат.

Оюн Россиянын «Казань Арена» стадионунда өтүп, 54-мүнөтүндө узактан көтөрүлгөн топту Диего Коста эки коргоочуну алдап тебип голго айландырды.

Буга чейин ушул эле тайпада Португалия курама командасы Мароккону 1:0 эсебинде жеңип, 4 упайга ээ болгон болчу.