Уругвай Сауд Аравияны 1:0 эсебинде артта калтырды

Футбол чемпионатынын 2-турунда Уругвай менен Сауд Аравиянын курама командалары оюн өткөзүп, 1:0 эсебинде Уругвай жеңишти камсыздай алды.

Оюндун 23-мүнөтүндө бурчтан көтөрүп берүү, айып аянтчасында талашкан топ Суарестин бутуна ыңгайлуу келип, узатылган соккудан улам топ түз эле дарбазадан орун алды.

Белгилей кетсек, Суарестин бүгүнкү голу Уругвай курама командасын дагы 100чү голу болду.

Белгилей кетсек, ушул эле тайпада үй ээлери — Россия курама командасы а Египетти 3:1 эсебинде жеңип,  “А” тайпасында 6 упай менен алдыга чыккан. Уругвай командасында да 6 упай болгону менен киргизилген голдордун айырмасы менен экинчи орунда.