Какшык-казан: “Максим Бакиев, кет…”

Болотбек ТАШТАНАЛИЕВ, «Кыргыз Туусу»


Экс-премьер-министр  С.Исаков, Бишкектин экс-мэри К.Кулматов, депутат О.Артыкбаевге Бишкек ЖЭБдеги коррупциялык схемаларга байланыштуу кылмыш иши козголуп, коррупцияга шектелип камакка алынды. Экс-президент бул окуяга: «Коррупция менен күрөш эмес, өч алуу», – деп түшүндүрмө берди.

Экс-президент сот да, прокурор да, анан калса адвокат эмес, бул үчөөнүн кимисинин канча күнөөсү бар экенин тийиштүү мамлекеттик органдар териштирет. Биздин айталы дегенибиз башка, элдин эсинде болсо, асыресе эски ксдпчылар жакшы билет,Бакиев бийликке келген жылдарда (2006-2007-ж.ж.) оппозиция: «Акаев, бийликтен кет!» – деген ураан менен чыгышкан. Оппозиция эмне үчүн “Акаев, кет” деген ураан менен чыкканын – Бакиев командасын Акаевдин “куйруктары” түзүп, негизги бийлик кызматтарында Акаев кадрлары отурганы менен түшүндүрүшкөн. Жашоо бумеранг эмеспи, түбөлүктүү эч нерсе жок, Бакиев деле бийликтен кетти, бирок кийинки бийликтин тушунда Максим Бакиев менен Оксана Малеванаянын кадрлары кала берди. Демек, маселе ЖЭБдеги коррупцияда гана эмес, Акаев жана Бакиевдер, Максим түптөп кеткен эски коррупциялык-криминалдык системанын кала бергенинде эмес беле, экс-президент муну эсинен чыгарып койсо керек.

Максим Бакиев менен Оксана Малеванаянын кадрларынын кулактарын бүгүн деле министрликтерден, телелерден көрүп калып жатабыз. Аргасыз таңгаласың, эмне Кыргызстанда Максимдин кадрларынан башка кадрлар жокпу? Максим түзгөн системадан башка система түзгөнгө болбойбу?