Сабира Күмүшалиева – кыргыз театрынын умай энеси болгон

Быйыл кыргыз маданиятына баа жеткис салым кошкон түгөйлөр Муратбек Рыскулов менен Сабира Күмүшалиеванын 110 жылдык мааракелери белгиленет.Ушуга байланыштуу төмөндө Сабира Күмүшалиева жөнүндө кыскача сөз кылууну туура көрдүк.

Ал театрга 18 жаш жашында келген

Сабира Күмүшалиева 1917-жылы жарык дүйнөгө келген. Театрга 1934-жылы тал чыбыктай солкулдап турган 18 жаш курагында келип кошулган. Кичинесинен тың, зирек кыз 14 жашынан өзү издеп келип, мугалимдерди даярдоо курсуна кирип, ийгиликтүү аяктайт. Анан педтехникумга кирип, бүтөйүн деп калганда: «Кулактын кызы экен» – деп ал жерден куулат. Айласы кетип үйгө отуруп калганда, жеңесинин жардамы менен Кызыл Аскердеги азыркы № 50-мектепке мугалимдикке орношот. Ошол мектепке А. Малдыбаев, А. Куттубаев, А. Куттубаева ж.б. концерт коюп барышат. Мектеп директору ордунда жок болгондуктан, С. Күмүшалиева балдарды чогултуп, концерт уюштурууга жардам берет. Концерттен кийин чай ичип отуруп Сабира эжени ырдатып көрүшөт. Анын үнүнүн кооздугун, артисттик шыгын байкаган А. Куттубаев театрга иштөөгө чакырат.

Карачач – эң алгачкы ролу болгон

Ошентип, 1934-жылы 1-сентябрда театрга келип, сыноодон ийгиликтүү өтүп артисттикке кабыл алынат. Театр ал кезде К. Жантөшовдун «Карачач» деген пьесасын коюп, башкы ролду Анвар Куттубаева ойночу экен. Күндөрдүн биринде ал киши ооруп калып, Карачачтын ролун ойноого ки-ши табылбайт. Өзүнүн дараметин сезген жаш кыз эч нерседен тайманбай: «Карачачты мен ойнойм», – дейт. Алгач аны уккандар баары каткырып күлүшөт. Атактуу актриса аткарып келген башкы ролду, жаңы келген жаш кызга берүүдөн чочушат. Бирок, ролду Сабира эжеге берүүгө аргасыз болушат. Мурда сахнага чыгып көрбөгөн, чоң артисттер менен бир катарда ойнобогон жаш кыз беркилерден сүрдөп, уялып, бирок өжөрлүгүн карматып, намыстанып, Анвар эжесин туурап аткарат. Алгачкы ролун ойдогудай аткаргандыгы үчүн театрдын коллективинин ишенимине кирет, гезитке макталып чыгат. Ошентип, улуу артисттин чыгармачылык жолу Карачач менен башталат.

Ысыкка какталып, бороон чапкынга капталып

Андан бери 70тен ашык жыл өттү, заман өзгөрдү. Бул мезгилдин ичинде Сабира эже далайды башынан өткөрдү. Кыргыздын залкар акындары, комузчулары, музыканттары, артисттери менен чогуу иштешти. Калык, Осмонкул, Алымкул, Адамкалый менен чогуу гастролго бирге чыккан күндөрү болду. Эже барбаган Кыргызстандын булуң-бурчу калган жок. Ал кезде азыркыдай техника болгон эмес. Жүктөрүн жондоруна көтөрүп, ашуу ашып, суу кечип, ыңгайы келгенде  эшек  минип,  ат  минип,  арабага да отурушкан. Күндүн ысыгына какталып, жаанга, бороон-чапкынга калган учурлары  болгон.  Ошондо  да  кабагым-кашым, чарчадым-чаалыктым дебей күлүп-жайнап, жаркылдап сахнага чыгып, элдин искусствого болгон кумарын кандырган. Улам күн өтүп, жыл айланган сайын тажрыйбасы артып, өнөрү өөрчүп, калайык-калктын калың катмарына кеңири тааныла баштаган.

Ошентип жүрүп Сабира эже Карачачтан баштап Курманжан датка энебиздин ролуна чейин көптөгөн ролдорду аткарган. Ал чоң болобу, кичине болобу, аткарган ролдорун аябай изденип, майын чыгара иштеп, анан накта турмуштагыдай болгондо гана көрүүчүлөргө тартуулап келген. 1965-жылы Ж. Садыковдун «Табышкандар» аттуу спектаклиндеги Кылычбектин образын актриса 50 жашка таяп калганда аткарган. Акыйкаттык менен айта кете турган нерсе–12 жаштагы тентек баланын ролун ойдогудай аткаруу бул курактагы актрисалардын баарынын эле колунан келе бербейт.

Ал эми Б. Жакиевдин «Атанын тагдырындагы» Оңолкандын образы кайра кайталангыс, түбөлүктүү образ болуп калды. Бул спектаклди көргөн ар бир көрүүчү Сабира эженин өзгөчө талантына таазим этип, өмүр бою эсине сактап жүрөөрүнө күмөн саноого болбойт.

Кыргыз кино искусствосунда

Сабира Күмүшалиева кыргыз кино искусствосунун өнүгүшүнө да бир топ салым кошкон. Т. Океевдин «Уркуя» фильминде Уркуянын энесинин ролун, Б. Шамшиевдин «Ак кеме» фильминде Карыздын, «Эрте жаздагы турналар» фильминде Тойтук кемпирдин, «Лифтиси бар үйдөгү тепкичтер» фильминде байбиченин ролун ж.б. көптөгөн ролдорду аткарып, көрүүчүлөрдүн көңүлүн өзүнө бура алган. Анын ар бир каарманы бир бирине окшобойт, аябай изденип, ийине жеткирип, кадимки турмуштагыдай аткарат. Көрүп отуруп, өзүң менен дайыма жүргөн, көрүп-билген адамдарды элестетесиң. С.Күмүшалиева боордош казак кинома-тографисттери тарткан 5–6 кинодо да негизги ролдорду аткарган.

Сабира эже ата-бабалардын баа жеткис мурасы болгон «Манас» эпосун өзгөчө баалаган жана кылымдардан кылымдарга, атадан-балага, укумдан-тукумга кагаз-калеми жок, ооздон-оозго өтүп келаткан өзгөчө касиети менен сыймыктанып келген. Атасы Бекбосун жетиштүү, колунда бар адам болгон. Үйүнө ырчылар, манасчылар үзбөй келип турган. Бир жолу атактуу манасчы Саякбай Каралаев келгенде, айылдын эли туш тараптан жөө-жалаңдап жыйылып келип, он эки канат боз үйдүн үзүк-туурдугун түрүп салып, алп манасчынын өз оозунан «Манасты» ук-канын арадан 70 жылдан ашык убакыт өтсө да эч унутпайт, ылайыктуу жерлерде оозунан түшүрбөй уккан-көргөнүн кийинки мууңдарга айтып бергенден тажабайт. Тагдыр деген кызык нерсе тура, кийин нечен жылдар өтүп, Манас бабабыздын энеси Чыйырдынын ролун аткаруу бактысына туш болот.

Мукемдин биринчи мугалими

Сабира эже өмүрлүк жары, СССРдин Эл артисти, сахнанын алпы, актер Муратбек Рыскуловдун талантынын өсүп-өнүгүшүнө көп таасири тийген. Муратбек аксакал улуу акын Калык Акыевдин аркасы менен 1936-жылы театрга орношот. Ал киши өмүрүндө партага отуруп, мектеп көрбөптүр. Анткени убагында атасы Рыскул уулун окууга бербей койгон экен. Барган мугалимдерге: «Бала окубайт, тим койгула» – деп, ую болсо уюн, бээси болсо бээсин кармата берчү экен.

Театрдын студиясында окуй баштаганда Мукем: «Мен такыр окубаганмын, ариптен кыйналып жатам, сиз жардам бериңиз», – деген өтүнүч менен Сабира эжеге кайрылат. Мурда мугалим болуп иштеп, азбы-көппү тажрыйба алып калган Сабира эже келечектеги улуу артисттин сабатсыздыгын эки жумада эле жоёт. Анын үстүнө Мукемдин кабыл алуусу жакшы, адамга жугумдуу, адамгерчилиги күчтүү тура. Бат эле «эжейинин» көнүлүнө туура келип, жакындашып кетет.

Сабира эже Муратбек Рыскулов менен узак өмүр жашап, бактылуу өмүр сүрүп, 6 балалуу болушту. Анын жеңилин жерден, оорун колдон алып, сахнада бирге иштешип, акыл-кеңешин берип, кыйын-кысталыш учурларда зор колдоо көрсөтүп, маңдай жарган кубанычтарды, кол жеткис ийгиликтерди тең бөлүшүп турат. Ошол эле мезгилде Мукемдин зор талантына таасирленип, талыбаган эмгекчилдикти, күжүрмөндүүлүктү үйрөнөт.

Мамлекеттик  жогорку  сыйлыктарды алып жатканда жанында Мукем (Муратбек Рыскулов) туруп, кубанычына тең ортоктош болбой турганына ичи эңшерилип катуу кейиген эле. «Бул сыйлык Мукеме ылайык эмес беле» дечү чын ниетинен.

1981-жылы 65 жашка чыкканда Кыргызстан Ленин комсомолу сыйлыгынын ыйгарылышы өзү иштеген коллективдин, өзгөчө жаштардын чыгармачылыгы, келечеги үчүн кылган аракетинин үзүрү катары баалоого болот. Эже бул сыйлыгын бардык сыйлыктарына караганда өзүнө жакын сезген. Демине дем кошулуп «Өмүр жана өкүнүч» менен «Курманжан датка» пьесаларындагы ролдордо ойноп чыкты.

Роль аткарам деп жүрүп отко да түштү, сууга да акты, тоодон да кулаган

Эжеге 1967-жылы «Кыргыз ССРинин Эл артисткасы» деген ардактуу наам берилет. Эмгек Кызыл Туу, Ардак белгиси, Эл достугу ордендерине татыктуу болгон. Кыргыз Республикасынын Жогорку Советинин Ардак грамоталарына, Эл аралык Айтматов клубунун, Казак Республикасынын Эл аралык Төлөгөн Айбергенов атындагы, Муратбек Рыскулов атындагы жана «Кутман эне» Эл аралык сыйлыктарына ээ болгон.

Эже өзү айткандай роль аткарам деп жүрүп отко да түштү, сууга да акты, тоодон да кулаган. Театр үчүн жаштыгын, ден соолугун, күч-кубатын берген. Көзүнүн курчу, жүзүнүн нуру кеткенче чарчадым-чаалыктым деп, баш чайкап туруп калбай, алдан-күчтөн тайып, баспай калганча иштеди. Табийгат берген ченемсиз талантын, бүткүл өмүрүн театрга арнаган.

Сабира Күмүшалиеванын кыргыз сахнасындагы көп жылдык эмгеги бааланып, 2000-жылдын 6-ноябрында Кыргыз Республикасынын Президентинин Указы менен «Кыргыз Республикасынын Баатыры» деген эң жогорку наам берилип, «Ак шумкар» белгиси менен сыйланган.

Бактыбек МАКСҮТОВ, “Айкөл Манас баяны” фондунун төрагасы

 

Залкарлар залкар жөнүндө

Сабира Күмүшалиева жөнүндө улуу адамдар төмөндөгүдөй жылуу пикирлерин айтышкан эле:

Чыңгыз  Айтматов:  «Сабира Күмүшалиева кыргыз маданиятынын өзүнчө бир доорун басып өткөн инсан».

Мухтар Шаханов:«Сабира эже кыргыз-казактын энеси, ал эки элдин ортосундагы көпүрө болуп турат».

Токтоболот  Абдумомунов: «Сабира эжедей ак көңүл, айжаркын адам болобу, ал сахна чебери, кылдат, кыраакы, сергек актриса».

Арсен Өмүралиев:«Театр менен кинодо мүнөз табуу боюнча мындай актрисаны көрө элекпиз».

Чолпонбек Базарбаев:«Сабира – кыргыз театрынын умай энеси».

Метин Гоккер: «Ал азыркы кездеги кыргыздын Каныкейи, Айчүрөгү, Курманжаны».

Ал эми өмүрлүк жолдошу, СССРдин Эл артисти Муратбек Рыскулов: «Бечара Сакиш, мен деп жүрүп, менин көлөкөмдө калдың го» деген экен.

(«Кыргыз Туусу», 2001-жылдын 20–22-ноябры. Б. Чотурованын макаласынан.)