Эркин Чечейбаев КР саламаттык сактоо министринин орун басары болуп дайындалды

Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Мухаммедкалый Абылгазиев буйрукка кол койду, ага ылайык Чечейбаев Эркин Маратович Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министринин орун басары — Кыргыз Республикасынын мамлекеттик башкы санитардык врачы болуп дайындалды. Бул тууралуу Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмүнөн билдиришти.