Какшык-казан: «Отко салса күйбөгөн, сууга салса чөкпөгөн» дегениңерди койгула, Жантөрө Сатыбалдиев жакшы адам…

Болотбек ТАШТАНАЛИЕВ, «Кыргыз Туусу»


Биз, кыргыздар, көрө албастык, ич тарлык деген жаман адатты качан коер экенбиз. Акыркы убакта Жантөрө Сатыбалдиевге таш ыргыткандар арбып баратат. Кайсы бир басылма: «Эр Төштүк эпосунда айтылат го: «Отко салса күйбөгөн, сууга салса чөкпөгөн» деп. Азыркы замандын «жомок сөзү» менен айтканда «Супермен» десек болот окшойт. Андыктан Кыргызстандагы көптөгөн «супермендер» бар. Алардын анабашында Жантөрө Сатыбалдиев деген «лөк» турат. Анын артынан не деген гана кептер, имиштер ээрчиген менен дайыма артын кабаттап жаап кетет.

2010-жылдагы июнь окуяларында, «Ош, Жалал-Абад шаарларын кайра калыбына келтирүү дирекциясында» жетекчилик кылып туруп жабыркагандар үчүн курулган үйлөрдү сапатсыз «соктурганы» боюнча кылмыш ишинде да бүдөмүк жана божомол кылып атып эле кутулуп кеткенсиген. Эми болсо ЖЭБ маселесинде кулагы эмес, бакыйып эле башы көрүнүп калды. Бирок, айла качып кутулбаган Жантөрө Сатыбалдиев бул жерден да жоопкерчиликтен качуунун амалы менен ар кандай жолдорду издөөдө», – деп жазыптыр.

Окуурун окуп алып, кызык абалда калдык. Жо-ок, Ж.Сатыбалдиевди кыйратман катары сүрөттөгөн туура эмес, ал жаратман адам. Эмгек жолун 1979-жылы жол мастерлигинен баштап, бардык тепкичтерди басып өткөндөн кийин гана 1992-жылы Транспорт министринин биринчи орун басары болгон. Анан КР Өкмөтүнүн алдындагы Бишкек-Ош автожолун реконструкциялоо жана эксплуатациялоо боюнча дирекциянын генералдык директору болду. Генералдык наам берилбесе да, катыра иштеди. Эгер Бишкек-Ош жолу он жылга жетпей талкаланса, анда Сатыбалдиевдин күнөөсү канча? Бул жолду салган фирмалардын күнөөсү. Бишкек – Ош жолунан көп акча желген деп жүрүшөт, бул  деле  карандай  ушак.  Себеби,  эгер Ж.Сатыбалдиевдин колу туткак болсо, ал 1997-жылдан 2000-жылга чейин Транспорт министри болуп иштемек эмес. Башка кызматтарын санабай эле коелу. 2011-2012-жылы КР Президентинин аппарат жетекчиси, 2012-2014-жылы КР Премьер-министри болуп иштеди. Мунун өзү Жантөрө Сатыбалдиевдин Ош жана Жалал-Абад шаарларын калыбына келтирүү боюнча мамлекеттик дирекцияда таза иштегенин билдирет.

Эгер, ал 2010-жылдагы июнь окуяларынан жабыр тарткандар үчүн курулуучу үйдөн жесе, төбөбүздө Кудай деле карап турбайбы. Эми болсо, аны Бишкек ЖЭБи үчүн күнөөлөгүлөрү келип жатат. Кызык, эмне үчүн жебеген самсысы үчүн акча төлөш керек? Кыргыздар ушундай көрө албас элбиз да.