Ошто 1 млн. сомдук аткезчилик күрүч аныкталды

Кыргызстандын аймагында 1 млн. сомдон ашык аткезчилик күрүч аныкталган. Бул тууралуу Экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, 6-июнда Ош шаарына кире бериште DAF- XF95/480 чет элдик маркадагы унаа токтотулган. Аны текшерүү учурунда эч кандай документи жок жалпы салмагы 23 тонна 400 кг болгон күрүч аныкталган. Күрүчтүн жалпы суммасы 1 млн. 251 миң сомду түзгөн.

Бул боюнча кылмыш иши козголду.