22-июнга карата аба ырайы

22-июнда түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт, күндүз тоо этектеринде жана тоолуу райондордо өткүн өтүп, күн күркүрөшү, бийик тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт, өрөөндөрдө жаан-чачын болбойт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.

Абанын температурасы:

Чүй өрөөнүндө түнкүсүн 13…18, күндүз 28…33,

Баткен облусунда түнкүсүн 13… 18, күндүз 30…35,

Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн 12… 17, күндүз 30…35,

Талас жергесинде түнкүсүн 11…16, күндүз 26…31,

Ысык-Көл дубанында түнкүсүн 9…14, күндүз 22…27,

Нарын облусунда түнкүсүн 8…13, күндүз 21…26,

22-июнда Бишкек шаарында жаан-чачын күтүлбөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет. Абанын температурасы түнкүсүн 16…18°, күндүз 30…32° жылуу болот.