Кыргыз желегине Манас белгисин кошуу сунушталды

Парламенттеги “Кыргызстан” фракциясынын лидери Алмазбек Батырбеков кыргыз желегине Манас белгисин кошууну сунуштады. Депутаттын айтымында желекти тетири илип койгон фактылар көп болуп жатат.

— Өткөндө бир мелдешти көрүп жатсам биздин спортчу байгеге ээ болду. Бирок, желек тетири илинип калыптыр. Ошондон улам өкмөт башчыга дагы айттым. Желекти оң илгидей элемент кошосуңарбы деп. Балким, жалпы кыргызга таандык Манас белгиси коюлабы аны эл чечиши керек, — деди Батырбеков.

Кандай боло турганын адистер талкуулашы керек экендигин кошумчалады ал.