19 жыл түрмөдө отуруп чыккан өзбек банкири ишинин кайра каралышын талап кылууда

Москва полициясы Өзбекстандагы алгачкы жеке банк эсептелген «Рустамбанктын» түптөөчүсү жана мурдагы ээси Рустам Усмановго футбол чемпионаты аяктаганга чейин Москвадагы өзбек элчилигинин алдында пикет өткөрүүгө уруксат берген жок. Мекенинде 19 жыл түрмөдө отуруп чыккан мурдагы банкир аны каматкан чиновниктерди жазалоону талап кылууда.

14-июнда ал «Фейсбук» социалдык түйүнүндөгү баракчасына Өзбекстан президенти Шавкат Мирзиёевдин атына жазылган катын жарыялаган.

Анда Рустам Усманов Өзбекстандын Москвадагы элчилигинин алдында жалгыз пикет өткөрүү ниети тууралуу жазган. Ошондой эле ал Өзбекстандын Борбордук банкынын жетекчилигинин 1995-жылдагы акча талап кылгандыгы фактысы боюнча кылмыш ишинин козголушун жана ага каршы козголгон кылмыш иши боюнча ошол жылкы сот отурумун ачык өткөрүүнү талап кыларын, эгер Башкы прокуратура буларды аткарбаса, 21-июндан тарта Москвадагы өзбек элчилигинин алдында ачкачылык акциясын баштай турганын белгилеген.

Бирок Москва полициясынын кызматкерлери өзбек ишкеринин пикет өткөрүүсүнө уруксат беришкен жок. Алар Орусия президенти Владимир Путиндин атайын буйругуна ылайык, футбол чемпионаты аяктаганга чейин өлкөдө түрдүү нааразылык акцияларын, анын ичинде жалгыз адамдардын пикетине тыюу салынганын айтышты.

Ишкер 1998-жылы экономикалык кылмыштар боюнча айыпталып, 14 жылга эркинен ажыратылган. 2012-жылы абактан чыгарына бир канча ай калганда «түрмөдөгү терс жүрүм-турумуна байланыштуу» деп жаза мөөнөтү дагы беш жылга узартылган.

Рустам Усманов камактагы мөөнөтү аяктаганына байланыштуу 2017-жылы февралда эркиндикке чыккан. Ал абакта эң узак убакыт отуруп чыккан өзбек ишкерлеринин бири болуп эсептелет. 1992-жылы Усманов Өзбекстанда алгачкы жеке банк ачып, аны «Рустамбанк» деп атаган. Бирок кийинчерээк өлкөдөгү эң натыйжалуу банк деп эсептелген «Рустамбанк» жабылып, ишкер түрмөгө камалган.