Азамат «алган» десе, «айдоочу» «алган эмесмин» дейт…

Мырзакат ТЫНАЛИЕВ, “Кыргыз Туусу”


Сүрөтчү жана активист Азамат Жаналиев УКМКга Икрамжан Илмияновго жана КРнын Дубайдагы башкы консулу А.Маматбековго карата арыз менен кайрылган.

Анда сүрөтчү аталган экөөсү 2017-жылы декабрда анын А.Атамбаевдин мык жана жип менен тартылган портретин сатып алышкандыгын билдирген. Сүрөттү 10 миң долларга баалашып, И.Илмиянов аванс катарында ага 2500 доллар берип, калганын кийин берүүгө убада кылган.

Бирок, И.Илмиянов сүрөт 2500 долларга гана бааланып, акчаны кайтарса, сүрөтүн кайтарып бере турганын СДПКнын өкүлү Кундуз Жолдубаева аркылуу билдирген.