Япондордун эки таң калтыруусу

Мырзакат ТЫНАЛИЕВ, “Кыргыз Туусу”


Саранск шаарында өткөн Н тобундагы старттык матчта Япониянын курама командасы Колумбиянын командасын 2:1 эсебинде жеңип, күйөрмандарды таң калтырышты.

Россиялыктарды жана башкаларды оюндан кем эмес таң калтырганы – бул япон күйөрмандарынын оюндан кийин стадионду таштандылардан тазалап кириши болду. Эч ким аларды милдеттендирбесе да, канына тазалык сиңген япондордун бул жоругун кыргыздар үйрөнүп алышса, эң сонун болмок.

Бул  боюнча  YouТube  каналында  жарыяланган  видео  колумбиялык күйөрмандар тарабынан тартылган экен.