Футбол дарбазасы басып каза болгон 11 жаштагы баланын окуясы боюнча кылмыш иш козгоду

Футбол аянтчасында каза болгон баланын окуясы боюнча Ленин районунун ички иштер бөлүмү тарабынан кылмыш иши козголду. Бул тууралуу Бишкек ШИИБнин басма сөз кызматынан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, чогулган материалдардын негизинде Кылмыш жаза кодексинин 258-беренеси (коопсуздук талаптарына жооп бербеген кызмат көрсөтүү) боюнча иш козголду. Ушу тапта тергөө иштери жүрүп жатат, тийиштүү экспертизанын баары дайындалды. Футбол аянтчасы чайхананын аймагында жайгашкан, азырынча чайхананын кызматкерлери жоопко тартыла тургандыгын белгисиз.

Эске сала кетсек, Бишкектин Пишпек районунун аймагында жайгашкан жеке менчик футбол аянтчаларынын биринде футбол ойноп жатып 11 жаштагы мектеп окуучусу каза болгон. Анын үстүнө темир футбол дарбазасы кулап кеткен.