Ачык болбосо, анын эмнеси сынак?

Мырзакат ТЫНАЛИЕВ, “Кыргыз Туусу”


Парламент депутаты Жанар Акаев кен иштетүү боюнча өткөрүлгөн сынактар жана анын шарттары ачык болбой жатканын айтып чыкты.

— Өкмөт кен иштетүүдө инвесторлор, жергиликтүү бийлик жана жергиликтүү эл менен туура түшүндүрүү иштерин жүргүзө албай жатат. Диалог жок. Ар бири өз-өзүнчө болуп калды. Жергиликтүү бийлик бул маселени чечүүдө жөндөмсүз экенин көрсөттү. Сынакты өткөрүү, иштетүүнүн шартын аныктаган келишимди ачык-айкын көрсөтө албай жатабыз. Бул тармактагы коррупцияга жол берилип, анын пайдасын эл көрбөй жатат.

Акаев инвесторлор менен жолугушууларды өткөрүп, маселенин алдын албаса бул экономикага таасирин тийгизерин да кошумчалады.