Эл пикир: Күрөш эми күч алды. Артка жол жок.

Даярдаган Шабдан АБЫЛГАЗЫ уулу, “Кыргыз Туусу”


Коррупцияга каршы жүргүзүлүп жаткан күрөш тууралуу уга берип кулагыбыз көнүп деле калган. Бирок быйылкы жылы күрөш сөз менен эле эмес, чечкиндүү кадамдар менен коштолуп жатканы жалпы элдин эртеңкиге болгон үмүт отун жандырууда. Коррупцияга шектелгендерди камап эле тим болбостон, алардын күнөөсүн далилдеп, келемиштей кертип жеген эл байлыгын кустуруу үчүн атайын банктык эсеп ачылганы да жакшы көрүнүш болду. Ушундай ыргак менен иш улана берсе тышкы карызыбыздын бир тобунан кутулуп, экономикабыз ирденип кетээр деген үмүт бар. Президенттин чечкиндүү кадам таштап, алкымын тыя албагандардын ким экенине карабай жазалансын деген бүгүнкү саясаты көпчүлүккө жагып турат. Ошол көпчүлүктүн арасындагы интеллегенция өкүлдөрү болгон төмөнкү инсандардын пикирин дагы ортого салдык.

Кыяс МОЛДОКАСЫМОВ, тарыхчы: «Коррупционерлердин бардыгын кустуруп, арам байлыгын мамлекетке кайтарып алуу зарыл»

– Кыргыз  эли ар убак тазалыкты бекем сактаган калк. Калп айтуудан, өз элине кыянат кылуудан, талап-тоноодон алыс болуп, аруулукту туу туткан. Андыктан алдым-жуттумга,  талап-тоноого, уурулукка каршы күрөштүн жүрүп жатышы жакшы көрүнүш. Ачыгын айтуу керек, Президенттин  талабын  укук  коргоо  органдары  жогорку деңгээлде аткара албай жатат. Коррупцияда мөөнөт

деген болбошу керек. Ашынган коррупционерлердин бар-дыгын кустуруп, арам байлыгын мамлекетке кайтарып алуу зарыл. Бир да коррупционер мамлекеттик кызматта, саясатта болбогондой тазаланууга жеткенде гана Улуу көч ордунан жылып, өнүгүү башталат.

Гүлжигит ИСАКОВ, серепчи: «Көпчүлүк жемкорлукка каршы күрөштү колдоодо»

– Президент Сооронбай Жээнбековдун  8-февралда КРнын Коопсуздук кеңешинин  жыйынын-да  жемкорлукка  каршы күрөшөм деп жар салганы чөйрөсүндөгүлөргө сюрприз  болду.  Бул  жакынкы тарыхтагы салыштырмалуу  ири  күрөш  десек жаңылбасак керек, анткени жемкорлук менен айыпталып жаткандардын ээлеген кызматтары, даражалары өтө күчтүү болчу.

Жемкорлуктун көлөмү дагы өтө чоң масштабда болуп жатат. Жаратканым элибизге туш тараптан жардам берип, көптөгөн айыптарды ачып жатат. Кырдаал шибегени капка ката албай турган абалга келип такалды. Элибизде ар кандай пикирлер айтылууда. Бирок көпчүлүк жемкорлукка каршы күрөштү колдоодо. Жемкорлукка каршы күрөшкүлө деп чакырык салып, анан кайра жемкорлук менен шектелгендерге боор ачыгандарды да көрүп жатабыз. Муну «Стокгольм синдрому» деп коюшат. Кудай жалгап, мындай ойлогондор аз эле. Бирок ошентсе дагы коомчулукту адаштыруу аракеттери байкалууда.

Мыйзамдын тайсалдатуучу күчүн колдонуу зарыл. Коомдогу чыныгы абалды эске алуу керек. Кимде, канча каражат, канча инсандык ж.б. ресурстар бар деген суроолорго так жооп болууга тийиш. Чыныгы абалды байкабай туруп башталган күрөш биз каалагандай аягына чыкпай калышы ыктымал, эгерде коомчулук, интеллигенция жана элибиз баары жапа тырмак Президентти колдобосо. Компромисс ыктымалын жокко чыгарбаган, мамлекетке пайда алып келе турган жагдайы каралган сүйлөшүүлөр сөзсүз жүрүшү керек.

Чыңалуу, тирешүү өлкөнү алдыга сүрөбөйт. Элдин колдоосу менен КР Президенти Сооронбай Жээнбековдун күрөштөгү чечкиндүүлүгү ортосунда түз байланыш бар. Система өзгөрбөй туруп, жалгыз эле президенттен көп нерсе күткөнүбүздүн өзү туура эмес. Коомдогу трансформация жүрүп жатат жана ал чукул түрдө эмес, акырындык менен болуп жатат. Болгону, бул процесстин баш-аягын таппай калбастан, көзөмөлдөп турушубуз зарыл.

Эмилбек МОМУНОВ, журналист: «Коррупционерлерди камоо менен эле чектелбей, алардын жеген-ичкенин кустуруш керек» 

–  КР  Президенти С.Жээнбеков үстүбүздөгү жылы 8-февралда Коопсуздук кеңешинин жыйы-нында  өлкөбүздүн  укук коргоо органдарына коррупцияга каршы күрөштү күчөтүү  жана  эң  оболу өздөрү  тазаланууга  тийиш  экендиги  тууралуу тапшырма берген соң, бул багытта бир топ эле иштер  жасалууда.  Айтайын дегенибиз, мурда жогор-ку  жетекчи  кызматтарды ээлеген чиновниктердин четинен камала баштады. Ошондуктан эл мамлекет башчыбыздын  мындай  чечкиндүү  кадамын  колдоого алууда.

Бирок мындан ары аларды камоо менен гана чектелип калбастан, жеген-ичкен миллиондогон сом же долларларын атайын ачылган эсепке кайтарыш керек. А. Шадиев, Ө. Бабановго окшоп элдин, мамлекеттин эсебинен миллиардерге айланып, чет өлкөлөргө качып кеткендердин колуна кишен салып, алып келиш керек. Ансыз 5 миллиард долларды чапчыган сырткы карыздан кутула албайбыз. Анткени азыр алар жүргөн Россия, АКШ өлкөлөрү менен Кыргызстандын дипломатиялык байланыштары, тиешелүү укуктук келишимдери бар. Ал эми жегендерин

таптырбагандарынын хан сарайлары менен туугандарынын, аялдарынын декларацияга киргизилбеген байлыгын мамлекеттин эсебине өткөрүп алуу керек. Ошондо мамлекет башчыбызды эл чындап колдоого алып, бийликке болгон карапайым калктын үч көчкөн журттай калган көңүлү кайтат.

Мындан тышкары коррупцияга каршы күрөш системалуу түрдө жүрүп же айыл, район, облус жетекчилеринин деңгээлинде да жүрүп, бала бакча, мектеп, ЖОЖдордогу парасыз иш бүтүрбөгөн келемиш-чиновниктердин алкымын тыйыш керек. Себеби булар жөнөкөй элдин канын митедей соруп бүтүрүштү. Бүгүнкү күндө Кыргызстандын эли президент С. Жээнбековдон ушундай экинчи этаптагы кадамдарга барышын күтүүдө.

Дамирбек НАРМАТОВ, кино продюсер: «Коррупция менен күрөштө жылыштар болуп жатканы көрүнүп жатат»

Коррупция  менен күрөштүн баштал-ганы абдан жакшы. Учурда бул багытта кандайдыр бир жылыштар болуп жатканы көрүнүп жатат. Бирок ошол коррупцияга тиешеси бар делингендердин баары аеосуз жазаланышы керек. Бардык чоң иштерде коррупция бар болушу ыктымал. Мисалы Датка-Кемин, Түндүк-түштүк алтернативалык жолу ж.б. иштердин баарын  текшериш  керек деп ойлойм.

Жакындан бери өлкөнүн тышкы карызын төлөө үчүн эсеп ачылды деп угуп жатабыз. Ошол эсепке коррупцияга байланышы барларды аныктап, кустуруш керек. Ошол каражаттын эсебинен тышкы карыз төлөнүшү зарыл. Аны элдин эсебинен төлөткөн туура эмес.