Ичкен тамагы үчүн төлөп койсо, иштен кетмек эмес

Мырзакат ТЫНАЛИЕВ, “Кыргыз Туусу”


Ичкен тамагына акы төлөгүсү келбеген Ысык-Көл облусу боюнча жол коопсуздугун камсыздоо боюнча бөлүмдүн ага инспектору Бакыт Жукалаев ишинен кол жууду.

Соцтармакта бул кызматкердин ичкен тамагына акы төлөгүсү келбей, тарелкага таштандыларды салып шылтоо кылганы жөнүндө видео тараган. Кызматтык иликтөөнүн натыйжасында башкармалыктын жетекчилиги ал “ведомствонун ишкер беделине жана кадыр-баркына зыян келтирген” деп эсептеп, кызматтан бошотулду.