Футбол-2018: Тайпалык оюндардын 2-айлампасы жыйынтыкталды

Россияда өтүп жаткан футбол боюнча дүйнөлүк чемпионатында тайпалык оюндардын экинчи айлампа жыйынтыкталды.  “Н” тобунда Жапония менен Сенегалдын оюну 2:2 эсеби менен аяктады.

Ал эми Польша менен Колумбиянын оюнунда Европа өлкөсү  атаандашына 3:0 эсебинде утулуп, натыйжада тайпадан чыгуу мүмкүнчүлүгүнөн ажырады.

Ошондой эле “G” тобундагы оюнда Англия курама командасы Панама өлкөсүн 6:1 эсебинде утуп алды. Оюнда Англиянын чабуулчусу Харри Кейн үч гол киргизип, хет-трик жасай алды.