Террорчулукка каршы биргелешип күрөшүү зарыл

Болотбек ТАШТАНАЛИЕВ, «Кыргыз Туусу»


“Европа” мейманканасынын конференц-залында, ЕАЭБге мүчө өлкөлөрдүн “ЕАЭБдин террорчулукка каршы стратегиясы: чек аралар аралык террористтик коркунучтардын шарттарында биргелешкен аракеттерди бириктирүү” аталышындагы террорчулукка каршы экинчи Бишкек форуму болуп өттү.

Форумда сөз сүйлөгөн КР Коопсуздук кеңешинин катчысы Дамир Сагынбаев региондун өлкөлөрү үчүн Ислам мамлекети аталган террористтик топтун коркунучуна кеңири токтолду. Катчынын айтымында, террорчулук  очогу  Жакынкы  Чыгыштан Ооганстандын аймагына ылдам жана коркунучтуу деңгээлде ооп, боевиктер сирия-ирактагы  чыр-чатак  аймагынан  ооган-пакистан аймагына орун которуштурууда.

Ислам мамлекети тобуна азгыруунун ыктары улам өркүндөп, акыркы жылдарда Интернет террорчулукка алдап жалдоонун бир булагына айланган. Ошондой эле Ислам мамлекети террористтик тобу Борбордук Азия жана Кытайдын Синьцзян-Уйгур автономдук районуна кол салуу пландары тууралуу ачык эле айтып келатканы жашырын эмес. “Алар тарабынан чек аранын алсыз участкалары, Ооганстандын түндүгү менен чектешкен аймактардагы кырдаал тууралуу маалыматтар чогултулууда. Мындан тышкары, террор идеологдору өздөрүнүн аракеттеринин үлгүсүн региондордун саясый жана маданий чындыктарына ылайыкташтырышат”, – деп билдирген Коопсуздук кеңешинин катчысы коопсуздукту камсыздоо күчтөрү бөтөн жана жасалма документтер аркылуу мыйзамсыз кирүүгө аракет кылгандар, алардын ичинде тыюу салынган террорчулук жана экстремисттик топтордун жактоочулары токтотулуп жатканын жана мында ЖККУ жана ШКУ боюнча өнөктөштөр колдоо көрсөтүп келатканын кошумчалады.

ЕАЭБге мүчө өлкөлөр террорчулукка каршы бирдиктүү стратегия иштеп чыгышы керектигин белгилеген Д.Сагынбаев форумдун катышуучуларын террорчулук менен күрөштө курал болуп кала турган сунуштарды айтууга чакырды.

Россия Федерациясынын Мамлекеттик думасынын депутаты Сергей Железняк кошуна Ооганстандагы өкүнүчтүү окуяны –АКШнын бул өлкөгө келиши менен Ооганстанда апийим өсүмдүгүн өстүрүү 30 эсеге өскөнүн мисал келтирди. Анын сөзү боюнча, Аль-Каида, Ислам мамлекетин түзүү ЕАЭБ, Европа жана Түштүк-Чыгыш Азия өлкөлөрүн жок кылууну максат кылган бир долбоордун чынжырчасы болуп эсептелет. “Мунун артында АКШнын уятсыз экономикалык кызыкчылыктары турат”, – деп түшүндүрдү С.Железняк.

Террордук аракеттердин өсүп жаткандыгына байланыштуу ЕАЭБ мамлекеттеринин жамааттык коопсуздугун камсыз кылуу милдети күн тартибинде турат. КР Коопсуздук кеңешинин катчысынын террорчулук очогу Жакынкы Чыгыштан Ооганстандын аймагына ылдам жана коркунучтуу деңгээлде ооп, боевиктер сирия-ирактагы чыр-чатак аймагынан ооган-пакистан аймагына орун которуштурушканын баса белгилеп айтканы ойлончу маселе. Андыктан, эл аралык терроризмдин мындай чакырыктарына ЕАЭБ, КМШ жана ЖККУ уюмуна мүчө мамлекеттердин мамлекеттик структуралары, атайын кызматтар, эксперттик коомдун өкүлдөрү, бейөкмөт уюмдар биргелешип иш алып барганда гана каршы тура алары шексиз. Мында террорчулукка каршы өз алдынча күрөшүүнүн стратегиясын  ЕАЭБдин  алкагында  жаңы шарттарга ылайык кайрадан иштеп чыгуу да өтө маанилүү.

Учурда эл аралык террорчулук ишмердикти жүргүзүүнүн ыкмалары жана формалары, арсеналы кеңейип жатат. Азгыруу жана үгүт жүргүзүү үчүн, ошондой эле өз структурасын туруктуу финансылоону камсыздоо үчүн эл аралык террорчулук уюмдары заманбап технологияны натыйжалуу колдонууда. Ушундан улам, форумдун алкагында ЕАЭБдин маалымат мейкиндигине бирдиктүү мониторинг системасын түзүү маселеси да киргизилгени бекеринен эмес. Ал интернет мейкиндигиндеги жагымсыз маалыматтык тенденцияны таап чыгууга багытталган. Мында  евразиялык  мейкиндикте  коопсуздукту камсыз кылууда жана туруктуу светтик өнүгүүнү камсыз кылууда бирдиктүү евразиялык идеология маанилүү роль ойнойт.  Ал өз кезегинде диний толеранттуулукка улуттук салттарга, маданий жана элдик баалуулуктарга таянуу менен бөтөн радикалдуу идеологияга натыйжалуу атаандашышы ыктымал.

Бирок да, регионалдык коопсуздуктун маанилүү элементи болуп, ЕАЭБ өлкөлөрүнүн жалпы коргонуу мейкиндигин куруу про-цесси болуп эсептелет. Мында негизги роль Россия жана ЖККУга тиешелүү экени талаш-сыз. Бүгүн аны ЕАЭБдин коргоочу “чатыры” деп аташат.

Мамлекеттер аралык бирикмелердин деңгээлинде аскердик-техникалык кызматташтыкты өнүктүрүү коопсуздукту камсыз кылуу  чөйрөсүндө  күчтүү  натыйжа  бербестен,  экономикалык  байланыштарды өнүктүрүүгө да таасирин тийгизе турганын белгилеп коюуга тийишпиз. Албетте, террорчулукка каршы күрөш маселелеринде ЕАЭБ өлкөлөрүнүн бирдиктүү позициясын аныктоо да чоң мааниге ээ. Жыйынтыктап айтканда, Бишкекте өткөн террорчулукка каршы күрөш боюнча форумда айтылган сөздөр жана сунуштар ЕАЭБдин террорчулукка каршы стратегиясынын негизи болуп калат деген ишеним бар.