Элмира ЖУСУПОВА, Бишкек шаары:  «Бирөөнү бактылуу кылам…» деген адамдын өзү бактылуу»

Жыпар ИСАБАЕВА, “Кыргыз Туусу”


 “Уядан эмнени көрсө, учканда ошону алат”. Анын сыңарындай, таңды тосуп – максаттуу кадамдардын баары үй-бүлөдөн башталат. Демек, үй-бүлө аттуу кичинекей мамлекеттин ички мыйзамдары сөзсүз коомго таасирин тийгизет. Илгертен эле ата-бабаларыбыз ыйман-ырыстуу, ынтымактуу, ийгиликтүү үй-бүлөлөрдүн ымаласына, ырына-сырына кызыгып, атүгүл жакшылыгы жуксун деп ырымдап, батасын алып келишкен. Мына ошолорду эске алып, жаш үй-бүлөлөрдүн “кулагына күмүш сырга” болсун деген ниетте: “Кантип бактылуу үй-бүлө курууга болот? Үй-бүлөдө аял-эркектин ролу жана таалим-тарбия берүүдө ата-эне эмнеге  таяныш керек? Бактылуу балалыктын жана бактылуу карылыктын сыры эмнеде? Кыз ала качуу жана келин менен кайнене, кудалар кандай мамиледе болуш керек?” сыяктуу ж.б. ар кыл теманы камтыган “Үлгүлүү үй-бүлө” аттуу рубриканы уюштурдук. Сиз дагы үн кошуңуз.

– Элмира айым, турмушуңардын пайдубалын адеп түптөгөн күндөр эсиңиздеби? Кантип табышып, кан-тип баш кошуп калгансыңар?

– Балдарымдын атасы Акыл – Алайдын уулу, мен – Жумгалдын кызымын. Ал кезде калаабыз Фрунзе деп аталчу эмес беле. Ал студент болчу, мен иштеп жүргөм. Тагдыр экен, экөөбүз таанышып калдык.

– Ошол кезде ата-энелерде: “Алыска кете көрбө, өзүбүзгө жакын эле бар. Жол алыс болсо, кантип барып-келебиз?” – деген көз караш бар эмес беле?

–  Кызыгы,  бизде  андай  болгон  жок. Атүгүл, экөөбүз кимибиз кай жерден экенибизди сурабай, билбей эле жүрүптүрбүз. Алайдан экенин кийин билгем. Бара-бара достук мамилебиз сүйүү сезимине айланып, бири-бирибизге өтө керек экенибизди сезе баштадык. Ошентип жүрүп эле бир күнү үйлөнөлү деп чечтик. Ата-энелерибизге айттык. Бирок, тилекке жараша, алар каршы болгон жок. Эки тарап тең: “Өз тагдырыңарды өзүңөр чечкиле. Бири-бириңди түшүнсөңөр, жакшы көрсөңөр болду”, – деп ак баталарын беришти. Мен тараптан: “Күйөө бала түштүктөн экен”, – деген сөз болгон жок. Акыл тараптан да: “Келинибиз аркалык”, – деген сөздү укпадым. Деги эле эки жаштын ынтымактуу жашашына, үй-бүлөнүн бекем болушуна кайын журттун, тактап айтканда куда-кудагыйлардын ролу чоң. Алар эки тарап болуп бири-бирин сынап, тиреше берсе, эки жаштын мамилесине сөзсүз терс таасирин тийгизет.

– Ар бир коктунун ар бөлөк салт-санаасы, ырым-жырымдары болот эмеспи, ал жагынан кыйынчылыктар болгон жокпу?

– Жок. Негизинен биз шаарда турдук. Бирок Алайга да, Жумгалга да азыркыга чейин бат-бат каттап турабыз. Эки кыздуу, бир уулдуу, эки небереге таята, таяне болдук. Жолдошум азыркыга чейин баарына тегиз жаккан, жакшы күйөө бала. Эч кимисинен тескери пикир уга элекмин. Жолдошумдан да менин төркүнүмө карата нааразы болгонун көргөн эмесмин. Мен да кайын-журтка тегиз караган, жакшы келинмин деп айта алам. Айтмакчы, кызыбыз турмушка Жумгалга чыккан, Кудай буюруп, келинди Алайдан алып калсак, андан бетер жакшы болмок.

– Демек, силердин жашооңор башынан эле сыдыргыга тизгендей тегиз болдубу?

– Албетте, андай болбойт. Үй-бүлөлүк бакытты куруу, аны кармап калуу – өтө чоң жоопкерчиликти, эмгекти, чыдамдуулукту, эки адамдын бири-бирине болгон сүйүүсүн, ишенимин талап кылат. Жөн эле көчөдөн көрүшө коюп, же башка кызыкчылыктар менен баш кошо коюу – сен айткандай, барып-барып эле түшүнбөстүккө, чыр-чатакка, ажырашууга алып келет. Бири-бирин жек көрүп, бирок өмүр бою бирге жашап калгандар да жок эмес. Ал эми бакыт деген эмне? Бакыт – тирүүлүк, сүйүү, күнүгө эртең менен кубанып ойгонуп, бирөөнү да кубантып, жакшы сөз айтуу, жакшы сөз угуу. Бакыт – ата-энеңдин, бир туугандарыңдын, жолдошуңдун, балдарыңдын, жакын адамдарыңдын, эли-жериңдин амандыгы. Бакыттын даамын бардык учурда сезсе болот.

Таңдын атканы, күндүн батканы, кулагыңдын жагымдуу нерсени угуп, көздөрүңдүн жакшы нерсени көргөнү, ишиңдин ийгилиги – ушунун баары бакыт. Маңдайга жазганды көрөм деп отура бербей, адам баласы дайыма аракетте болуусу керек. “Мени бирөө бактылуу кылат” дебей, “мен бирөөнү, бактылуу кылам” деген адам чексиз бактылуу.

– Балдарды тарбиялоодо кимиңердин таасириңер көбүрөөк?

– Биздин жашообуздун маңызы – балдар. Бала тарбиялоодо ата-эненин орду бирдей. Биздин үй-бүлөдө бир тараптуу болуп: сенин милдетиң, менин милдетим деген түшүнүк жок. Жаш кезибизден эле тең салмактуу, эриш-аркакпыз. Мен тамак-аш жасоо менен алектенип жаткан учурда жолдошум балдарды көтөрүп, эшикке алып чыгып сейилдетип келчү. Ал иш менен бошобой жатканда балдардын таалим-тарбиясы менен мен алектенем. Сен кара, мен кара демей жок. “Бала – баскан из” деген кеп бар эмеспи. “Куш уядан эмнени көрсө, учканда ошону алат”. Бала кезде канчалык жакшы тарбияда чоңойсо, ал да кийин ошондой үй-бүлө күтөт, ошондой бала тарбиялайт. “Көргөн-өскөнүнө” жараша деген кеп бар эмеспи.

– Негизги маселелерди көбүнчө кимиңер чечесиңер? Талашып-тартышуу, кээде келишпестик болобу?

– Негизинен үй-бүлөнүн башчысы — эркек. Мен дайыма ушуну карманам. Бирок жолдошум деле “бийлик менде” деп, “кызмат ордунан” ашыкча пайдаланбайт. Дайыма кеңешебиз дегендей. Оюбузду ортого салабыз. Биз бири-бирибизге ишенебиз. Ал да менин позитивдүү экенимди, бардык нерсенин жакшы жагын көрө билүүгө, бардык маселени оң жагына чечүүгө аракет кылганыма баа берип калат. Чоң энемдин, ата-энемдин тарбиясы, алардын айткан акыл-кеңештери менин турмушумда көп учурда пайдалуу. “Аял киши таза, сабырдуу, мээримдүү болуш керек. Үй-бүлөңө дасторконду кенен жайып, ырыскыны кармап калышың керек”, – деп чоң энем көп айтар эле. Эми өткөн-кеткен менен азыркыга, ананкыга көз салып отуруп, ата-энени жер каратпаган, эмгегин актаган кызы боло алдым деп сыймыктанып калам.