Акча алмаштыруу жайын тоногондор 340 миң сом жана 2 миллион теңге алып кетишкен

23-июнда Ленин районунда жайгашкан акча алмаштыруу жайы тонолгон. Бул тууралуу Чүй облустук милициясынын маалымат кызматы маалымдады.

Маалыматка ылайык, 23-июнда,  саат 4:00дөр чамасында Аламүдүн РИИБине каракчылык боюнча билдирүү келип түшкөн. Окуя болгон жерге келген милиция кызматкерлери үч адам акча алмаштыруу жайына кирип, ал жактагыларды тапанча менен коркутуп, тоноп кеткенин аныктаган. Укук коргоо органдары каракчылар кара түстөгү BMW X5 автоунаа менен окуя болгон жерден качып кеткен деп божомолдоп жатышат.

Карактоо учуру видеого түшүп, ал интернетке жарыяланган.

Дерзкое ограбление обменного пункта в с. Ленинское несколько дней назад, предположительно на автомашине марки "BMW X5" темного цвета. Будьте бдительны! Их еще не нашли.

Опубликовано Болотом Ибрагимовым Воскресенье, 24 июня 2018 г.

Белгисиз кишилер акча алмаштыруу жайынын үч кызматкерине күч колдонуп, 340 миң сом менен 2 миллион теңге алып кеткен. Учурда уурдалган сумма дагы такталууда. Кол салуу учурунда бир жаран көкүрөк тушка жана сол колуна ок жеген. Ага амбулатордук жардам берилген.

Аталган факты боюнча Кылмыш жаза кодексинин «Каракчылык» беренеси боюнча кылмыш иши козголду. Кылмышка шектүүлөр изделүүдөө.