Россияда кыргызстандык келинди өрттөп кетишти

Ленинград облусунун Киров районундагы Шлиссельбург шаарында кыргызстандык келинди дүкөндүн ичинде өрттөп кетишти. Аталган маалыматты маркумдун жакындары тастыктады. Бул тууралуу Россиянын ЖМКлары жазып чыкты.

Кырсык 24-июнда болжол менен Москва убактысы боюнча 2:30да катталып, өрт жарым саатын ичинде толугу менен өчүрүлгөн. Дүкөндөгү өрттү өчүргөндөн кийин 1991-жылкы аялдын жансыз денеси табылган.

Андан тышкары, Кыргызстандын 1998-жылкы жараны оор абалда ооруканага жаткырылган. Ал келиндин кайниси экени такталган. Анын денесинин 80%ы күйүп кеткен. Аталган кылмышка шектүү катары маркумдун жолдошу 1984-жылы туулган мурда соттолгон адам кармалган.

Маалыматтарга ылайык, жубайлар жети жылдан бери ал жакта иштеп жүрүшкөн. Алар Ысык-Көлдүн Барскоон айылынын тургундары.

Учурда укук коргоо кызматкерлери окуянын чоо-жайын тактоодо.