ӨКМ: Бишкекте жана Чүйдө катуу шамал болушу ыктымал

Бүгүн, 25-июнда Чүй облусунун жана Бишкек шаарынын аймагында 3 саттын ичинде катуу шамал болушу ыктымал. Бул тууралуу ӨКМдин басма сөз кызматы маалымдады.

Маалыматка ылайык, шамалдын ылдамдыгы секундасына 15-20 метрге чейин жетиши мүмкүн.