Россия курама командасы уругвайлыктарга ири эсеп менен жеңилип калды

Фубол боюнча дүйнө чемпионатынын алкагында 25-июнда “А” тобунда эки беттеш орун алды.  Россия курама командасы уругвайлык футболчулар менен беттешип 3:0 эсебинде жеңилип калды.

Эсепти Уругвайдын футболчусу Луис Суарес 10 мүнөттө ачты. Экинчи топту болсо россиялык Денис Черышев өз дарбазасына киргизип алды. Оюн соңуна чыгып калганда, 90-мүнөттө Эдинсон Кавани дагы бир жолу топ киргизип, турнирдин алкагында жеке голдук эсебин ачты.

Ал эми ушул эле топтун Сауд Аравия менен Египет командаларынын оюну 2:1 эсебинде аравиялыктардын жеңиши менен аяктады.

Оюндун 22-мүнөтүндө египеттик Мохамед Салах эсеп санын ачса, 45-мүнөттө Сауд Аравиянын футболчусу Салман Аль-Фарадж пенальти тээп эсепти теңдеди. Оюндун аягында  Салем Аль-Досари командасы үчүн экинчи голду киргизип, утушту камсыздады.