Футбол — 2018: 1/8 финалда Россия Испанияга туш келсе, Португалия менен Уругвай кездешет

26-июнь күнү «В» тайпасында үчүнчү айлампанын оюндары орун алып, анда Испания Марокко менен беттешип, оюн 2:2 эсеби менен аяктаган. Экинчи беттеште Португалия менен Иран кездешип, бул оюн да 1:1 эсеби менен жыйынтыкталган.

Бул тайпадан плей-оффко Испания, Португалия менен Ирандын чыгуу мүмкүнчүлүгү бар болчу. Ал үчүн биринчи эки командага тең эсеп жетиштүү болсо, Иранга жеңиш керек эле. Натыйжада испаниялыктар тең эсептен улам биринчи орунду ээлеп, «А» тайпасында экинчи орунду ээлеген Россияга туш болсо, Иранга салыштырмалуу бир упай көбүрөөк алган Португалия «А» тайпасынын лидери Уругвай менен беттешмекчи.