«Акимдер премьер-министрге баш ийсин»

Жыпар Исабаева, “Кыргыз Туусу”


Мындай пикирди депутат Кенжебек бокоев 25-июнда жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ыйгарым укуктарын кеңейтүү маселесине арналган парламенттик угууда айтты.

Анын пикиринде, бир топ облустук башкармалыктар жумуш жасабай эле отурат.

«Республикада 37 айыл өкмөт бир эле айылдан турат. Муну да карап чыгуу керек. Бизге облустук прокурордун, Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин облустук башкармалыгынын  эмне  кереги  бар?  Аким  түздөн-түз премьер-министрге баш ийип иштесе болбойбу? Жарандарыбыздын 60-70 пайызы айылда жашаганы менен аларга шарт түзүлгөн эмес. Бардык министрликтердин иштери айыл өкмөткө берилип калган”, — дейт К.Бокоев.