Феликс КУЛОВ, коомдук ишмер: «Тышкы карыз жалпы кыргыз элин түйшөлтө турган маселе»

Вера БЕДЕЛБЕК, “Кыргыз Туусу”


Коомчулукта Кыргызстандын коопсуздугуна кооптонуу жараткан маселелер, жагдайлар тууралуу ар кыл пикирлер бар. Тышкы карыз, чек ара көйгөйү, трайбализм жана башка олуттуу маселелер боюнча басма сөз каражаттарында жана интернет булактарында жарандарыбыздын маалыматтары, ар кандай ой-пикирлери байма-бай чыгып келет. Андыктан Кыргызстан үчүн бул көйгөйлөрдүн эң коркунучтуусу кайсы жана аны болтурбоодо кандай чаралар көрүлүш керек деген максатта бир нече адамдын пикирин жарыялоону туура көрдүк.

– Менимче Кыргызстандын өзүнүн саясаты болуш керек. Тышкы карызыбыз 4,5 миллиард долларга жакын. Карыздын көбүн жакынкы жылдарда төлөшүбүз керек. Бул жалпы кыргыз элин ойлонто, түйшөлтө турган маселе. Мамлекети-биздин  экономикалык абалы, алган карыздарды төлөп берүүгө дарамети жетеби? Бул өлкөбүздүн бүтүндүгүнө түздөн түз таасир эте турган негизги көйгөйлүү маселе. Ал эми кошуна мамлекеттер ортосундагы чек ара ма-селелерин делимитациялоо, демаркациялоо жолу менен тараптар аралык сүйлөшүүлөр,  түзүлгөн келишимдердин негизинде чечсе болот. Бул масштабдуу эмес, локалдуу маселе, бирок өз учурунда чечилбесе, чек арадагы эки элдин ортосунда жаңжал ырбап, тараптарга кооптуу жагдай жаралат. Ошондуктан чек арага байланышкан талаш-тартыш башталары менен жеринде ыкчам чечилүүсү шарт.

Ал эми биздин эле өлкөгө эмес, дүйнө жүзүндөгү мамлекеттерге кооптонуу жараткан орчундуу көйгөй бул терроризм. Биздин өлкө ЖККУга кирет. Президент бул багытта башка мамлекеттердин өкүлдөрү менен тиешелүү нукта иш алып барып атат деп ишенем. Алыс барбай эле Афганстанды алып карайлы, экстремизм менен терроризм апогейине жетип, өлкө жок болуп кетүү коркунучуна кептелди.