Тазабек ИКРАМОВ, Жогорку Кеңештин депутаты: «Трайбализм боюнча мыйзам долбоорун жазып чыктым»

Вера БЕДЕЛБЕК, “Кыргыз Туусу”


Коомчулукта Кыргызстандын коопсуздугуна кооптонуу жараткан маселелер, жагдайлар тууралуу ар кыл пикирлер бар. Тышкы карыз, чек ара көйгөйү, трайбализм жана башка олуттуу маселелер боюнча басма сөз каражаттарында жана интернет булактарында жарандарыбыздын маалыматтары, ар кандай ой-пикирлери байма-бай чыгып келет. Андыктан Кыргызстан үчүн бул көйгөйлөрдүн эң коркунучтуусу кайсы жана аны болтурбоодо кандай чаралар көрүлүш керек деген максатта бир нече адамдын пикирин жарыялоону туура көрдүк.

– Кыргызстандын  бүтүндүгүнө  кооптонуу жараткан негизги маселе – трайбализм. Түндүк-түштүккө бөлүнүүнүн өзү коркунуч жаратат. Тилекке каршы, бул кызматка түштүктөн же түндүктөн келди деп бөлүп-жарган жарандарыбыз бар. Ушул эле Бишкекте жашап жатып,  “булар  түштүктөн көчүп келип алды” деген сөздөрдү  айткандар  да жок эмес. Аны тана албайбыз. Мындай көз карашты өзгөчө интернет булактарына  жазылган каттардан даана байкоого болот. Кыргызстан – ата-бабаларыбыз канын төгүп,  коргоп  отуруп, ушул күнгө чейин сактап келген жер, баарыбызга таандык. Кыргызстандык ар бир жаран республиканын кайсы аймагында болсо да жашоого укуктуу деп Конституциябызда жазылган. Ар бир кыргыз – бир ата, бир энеден тарагандыгын жеткиликтүү туя билгенде гана бөлүнүп-жарылууга жол берилбейт. Бул көйгөйлүү маселе боюнча атайын мыйзам долбоорун жазып чыктым. Ал долбоорду парламентке алып чыгам.

Ал эми тышкы карызы биздикинен да көп мамлекеттер бар. Өнүккөн өлкөлөрдүн катарына кирген кошуна Казакстандын тышкы карызын алып карайлы. Бирок, алар алган карызын туура, сарамжалдуу пайдаланышат. Алган каражатты мамлекетке пайда түшө тургандай, өлкөбүздү өнүктүрө турган багытта колдонсок, карызыбыздан оңой кутулмакпыз. А бизде алган карыз кийин төлөнөт деп 20%ын мамлекетке берсе, калган 80%ын чиновниктер өзүлөрү жеп коюп жатышат. Эгер, алган каражаттарды туура пайдаланбасак, бу да өлкөбүздү экономикалык жактан сазга батыра турган жагдай. Мамлекетибизди өнүктүрүү үчүн оор индустрияга басым жасап, завод-фабрикаларды, темир жолду курушубуз керек. Ошол эле түндүк-түштүк альтернативалык жолунун курулушунда да, Бишкек ЖЭБиндей көрүнүш болгондугу, чоң суммадагы каражат кимдир бирөөлөрдүн чөнтөгүнө кеткендиги тууралуу маалыматтар айтылып жатат. Муну териштирсе мыйзамсыз иштер ачыкка чыкчудай. Бул жол мамлекетибиз экономикалык жактан көз каранды болбой, өз алдынча бай өлкөлөрдүн катарына киргенде гана өзүбүздүн акчабызга салына турган жол эле. Эгер, ушул эле каражатты темир жол салууга жумшасак, Кытай-Россия андан Европага чыкмакпыз жана кошуна өлкөлөр менен товар жүгүртүүгө көбүрөөк мүмкүнчүлүк түзүлмөк.