Жумакадыр АКЕНЕЕВ, эксперт: «Түндүк-түштүккө бөлүнүү эң кооптуу маселе»

Вера БЕДЕЛБЕК, “Кыргыз Туусу”


Коомчулукта Кыргызстандын коопсуздугуна кооптонуу жараткан маселелер, жагдайлар тууралуу ар кыл пикирлер бар. Тышкы карыз, чек ара көйгөйү, трайбализм жана башка олуттуу маселелер боюнча басма сөз каражаттарында жана интернет булактарында жарандарыбыздын маалыматтары, ар кандай ой-пикирлери байма-бай чыгып келет. Андыктан Кыргызстан үчүн бул көйгөйлөрдүн эң коркунучтуусу кайсы жана аны болтурбоодо кандай чаралар көрүлүш керек деген максатта бир нече адамдын пикирин жарыялоону туура көрдүк.

– Кыргызстанга коркунуч жараткан эң негизи маселе – трайбализм. Калган маселелердин баарын жеңебиз, экономикабызды да өнүктүрөбүз. Ал эми түндүк-түштүккө бөлүнүү – эң кооптуу маселе. Ошондуктан бул көйгөйдү болтурбоо үчүн көп иштерди алып барышыбыз керек.  Түндүк-түштүк, айыл,  көчө,  урууларга бөлүнүүнүн өзү бизди артка тарткан олуттуу көйгөй.  Биримдиктүү болсок,  тышкы  карыздан да кутулуп, өнүккөн мамлекеттердин  катарына  5  жылда  киргенге мамлекетибиздин толук мүмкүнчүлүгү жетет. Кыргызстан бул 6 миллион эли, 200 миң кв. км жери, суусу, жаратылышы, кен байлыктары менен эгемендикте өз алдынча жашап келаткан мамлекет. Ал эми тышкы карызыбыз 5 миллиард долларга жакындады. Бул андай деле көп эмес. Түбү кыргызстандык Ибраимов, Машкевич деген бизнесмен жарандарыбыздын топтогон байлыгы биздин тышкы карызыбыздан үч эсе көп. Ошон үчүн мунун бардыгы экономиканы туура багытка коюудан көз каранды. Ал эми экономиканы туура багытка коюу үчүн ынтымак болуш керек. Трайбализмдин бизде өрчүгөнүн кызматтарга адискөйлүгүнө карабай, тааныш-билиштердин дайындалышынан, Жогорку Кеңешке акчасы барлардын келишинен улам байкасак болот. Ошондуктан бул маселени биз түп-тамырынан бери жок кылышыбыз керек. Баам сала турган болсок, илгери баарынын аталары бий, бай, хан болуптур, карапайым эл жок экен, ушундай түшүнүк менен баратабыз. Бир убакта коррупцияга малынган аткаминерлер кабат-кабат үйлөрү, кымбат баалуу машинелери бар деген түшүнүк менен аларды биринчи орунга коюп, төргө өткөзүп дегендей, коомчулукта элита делинип бааланып калган. Кайсы адам өз кесибинде мыкты болсо, ошолорду сыйлашыбыз керек.