Улукбек КОЧКОРОВ, коомдук ишмер: «Терроризм же чек ара маселеси гана өлкөгө эң олуттуу коркунуч жаратат деп айтуудан алыс болушубуз керек»

Вера БЕДЕЛБЕК, “Кыргыз Туусу”


Коомчулукта Кыргызстандын коопсуздугуна кооптонуу жараткан маселелер, жагдайлар тууралуу ар кыл пикирлер бар. Тышкы карыз, чек ара көйгөйү, трайбализм жана башка олуттуу маселелер боюнча басма сөз каражаттарында жана интернет булактарында жарандарыбыздын маалыматтары, ар кандай ой-пикирлери байма-бай чыгып келет. Андыктан Кыргызстан үчүн бул көйгөйлөрдүн эң коркунучтуусу кайсы жана аны болтурбоодо кандай чаралар көрүлүш керек деген максатта бир нече адамдын пикирин жарыялоону туура көрдүк.

– Кыргызстандын коопсуздугуна, бүтүндүгүнө ар кандай факторлор коркунуч жаратышы мүмкүн, бул маселеде бир жактуу карап, бир эле тышкы карыз же трайбализм маселеси деп айткан туура эмес. Кыргызстандын бүтүндүгүнө доо кетире турган бардык көйгөйдү комплекстүү карап, аны чечүүгө  аракеттенип, системдүү  иш  чараларды  иштеп  чыгуу  керек. Бүгүнкү күндө терроризм же чек ара маселеси гана Кыргызстанга эң олуттуу коркунуч жаратат деп айтуудан алыс болушубуз керек. Көйгөйлөрдү өрт өчүргүчтөрдөй чыккандан кийин баса калбастан, алдын ала комплекстүү иш алып баруу кажет.

Жакында чек арада чыр чыкты. Чек ара боюнча көп жылдардан бери чечилбей келе жаткан делимитация, демаркацияга байланышкан жагдайлар бар. Бул жерде коопсуздуктан сырткары чечиле турган социалдык дагы маселелер бар. Андыктан делимитация маселелерин чечүү менен бирге толтура социалдык маселелерди да кошо чечүү керек. Ал жер биздики болгондон кийин жергиликтүү тургундар ошол жерди таштап кетпей, жашаш үчүн аларга шарт түзүп, мектебин, бала бакчасын куруп, жолун салып, суусун чыгарып, энергиясын чечип берүү керек. Анан оорукана, мектеби, бала бакчасы, жерин иштетүүгө суусу жок болсо, аргасыздан башка аймакка миграцияланышат. Мындай абалдан пайдаланып, кошуналар басып кире беришет. Мында бир гана чек ара көзөмөлүн күчөтүү менен коопсуздугубузду сактап калабыз деп карабоо керек.

Терроризмдин алдын алуу боюнча коопсуздук кызматтарынын материалдык базасын чыңдоо, алардын курамын кесипкөй кызматкерлерден түзүү менен биргеликте идеологиялык иш чараларды да жүргүзүү шарт. Бизде дин тутууда адамдар эркин деп тим койбостон, диний агымдарды тыкыр изилдеп, радикал уюмдарды өз убагында жаап, калк арасында түшүндүрүү иштери жүргүзүлүшү керек.

Ал эми чет өлкөлөрдөн карыз аларда биринчиден ойлонуп анан алышыбыз кажет, экинчиден, алган каражатты сарамжалдуу иштетүү керек. Мына ЖЭБ окуясын карасак, алган каражаттын 1/3 гана иштелип, 2/3 уурдалып кетип жатат. Ушундай эле көрүнүштү түндүк-түштүк альтернативалык жолунун салынышынан да көрүүгө болот.