Ачкалык эмес, ач көздүк кылмышка түртөт

Вера БЕДЕЛБЕК, “Кыргыз Туусу”

Коррупцияга катыштыгы бар чиновниктердин биринин артынан бири жоопко тартылышы буга чейин өлкөбүздүн тарыхында болбосо керек. Мурдагы бийликтер тушунда коррупция беренеси менен бири-эки адам кармалганы болбосо, мындай масштабдуу деңгээлде ири коррупционерлер колго түшө элек эле.

Тилекке каршы, кайсы тармакты алып карабайлы, баары эле коррупцияга белчесинен баткандай. Буга чейинки бийликтердин тушунда өлкөбүзгө далай инвестициялар, насыялар тартылган. Демек, ал каражаттарды деле бир ууч чиновник өз чөнтөгүнө салган эмес деп эч ким кепилдик бере албайт. Өлкөдөгү коррупцияга байланышкан мындай көрүнүштөр мурдагы бийликтердин тушунда эмнеге ачыкка чыккан эмес. Же ошол маалдагы өлкө башчылары өзүлөрү шыбагалаш беле?..

15-20 миң сом айлык алган чиновниктин кабат-кабат үйү, жол тандабас машинасы жана башка мүлкүн көрүп, буга Кудайым кызматты да, байлыкты да бериптир деп койчу элем. Көрсө, алар сырттан келген акчаларды өз пайдасына жумшап, маарып жашап жүрүшчү турбайбы. Буга мисал ушул эле чуусу бүтпөй келаткан Бишкек ЖЭБин алалы. Мындай коррупциялык иштин ачыкка чыгышы коомчулукта чиновниктерге болгон мамилени өзгөртүп, кыжырланууну пайда кылды. Бул ири коррупциялык схемадагы окуяда экс-премьерлер С.Исаков менен Ж.Сатыбалдиев камалса, экс-премьер Т.Сариев суракка чакырылды.  Кыргызда  “жыгылганды  чаппайт” деген жакшы сөз бар. Ошондой болсо да кышкы аязда жылуулуксуз калган элдин убалы жетти окшойт, эми жасаган иштерин моюну менен тартышмак болду. Бул кылмыштуу окуя боюнча Жогорку Кеңештин депутатынын, эки премьердин жана башка тиешелүү адамдардын жоопко тартылышынан улам президент Сооронбай Жээнбековдун “коррупция менен күрөшүүдө эч кимди аябайм, күнөөсү болсо жоопко тартылат” деген сөзүнө бек турганын даана байкоого болот.

Эл арасында жемкорлук менен кармалгандарды жөн эле сот жообуна тартпастан, жеп алган акчаларын толук мамлекеттин казынасына төлөтүш керек жана түндүк-түштүк альтернативалык жолунун курулушунда да Бишкек ЖЭБиндей көрүнүш болгонун, аны да териштирсе көмүскө далай акчалар ачыкка чыкчудай деген сөздөрдүн айтылып жүргөнү да жашыруун эмес. Сөз жөн жеринен чыкпайт, демек, бул айтылгандардын да чындыгы болсо керек.

Тарых музейин реконструкциялоодогу каражаттын ысырапкорчулук менен колдонулганын көргөн эл оңдоп-түзөө иштерин жүргүзгөндөрдүн амалына Бишкек ЖЭБиндеги окуядагы 600 долларлык кычкачтай эле таң калышты. Мында да бир түркүктүн баасын уялбай эле 600 АКШ доллары деп көрсөтүшкөн. Реконструкциялоо иштерин жүргүзгөн ошол кызматкерлер Кудайды карашса боло. Же кайсы тарабынан болсо да ыгын таап, каалагандай сумманы жазып коюп, элди, мамлекетти алдай берсе боло берет дешкенби? Айтор, азыркы бийлик коррупция менен күрөшүүдө мурдагы бийликтердин тушундагы кыңыр иштердин баарын казып чыкчудай.

Ал эми соттор тууралуу эл арасында долларлап акча алышат деп айтылганы менен судьялардын соттолгонун коомчулук биле элек. Судьялардын пара алуу менен сот жообуна тартылуусун тактоо үчүн КР Жогорку сотунун басма сөз катчысы С. Соурбаевага кайрылганыбызда 2006-жылдан бери судьяларга карата ар кандай категория менен 6 кылмыш иши козголгонун, учурда ал кылмыш иштери соттук өндүрүштө экенин жана судьялардын камалган учурлары болбогонун айтты. Эсиңиздерде болсо Судьяларды тандоо кеңешинде иштөө үчүн 35 миң доллар керек экендиги тууралуу Жогорку Кеңештин экс-депутаты Г.Скрипкина деле айтып албады беле.

Жемкорлукка  байланышкан  көрүнүштөрдөн улам жетекчилик кызматка чиновниктер мамлекеттин, элдин ырыскысын уурдап жеп, капчыгын толтуруш үчүн эле келишкендей таасир калтырат. Демек, бул өлкөбүздүн кадр тандоодо кетирген кечирилгис кемчилиги.

Бизде ар бир жетекчи кызматка дайындаларда же шайланарда анын адискөйлүгүнөн сырткары адамдык баалуулуктары эске алынбай көз жаздымда калат. Саясый партияларды кызмат ордуна келе турган жетекчинин тажрыйбасы, адискөйлүгү анчалык кызыктырбайт, өз киши болсо болду. Партиялар аркылуу келген мамлекеттик кызматкерлердин иштеринин натыйжасын көрүп жатпайбызбы. Депутаттарыбыздын айрымдарына кылмыш иши козголуп абакта отурушса, айрымдары суу кече Америкага качты. Парламентте отурган депутаттардын кандай жол менен шайланып келгенин жалпы калайык жакшы билет. Алардын арасында крим дүйнөдөгүлөрдү “крышевать” эткен эл өкүлдөрү бар экени коомчулукта айтылып жүрөт.