27-июнга карата аба ырайы

27-июнда өткүн өтүп, күн күркүрөшү күтүлөт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, 14 метрге жетиши күтүлөт.

Абанын температурасы:

Чүй облусунда түнкүсүн 10…15, күндүз 26…31;

Баткен облусунда түнкүсүн 14…19, күндүз 27…32;

Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн 13…18, күндүз 27…32;

Талас облусунда түнкүсүн 9…14, күндүз 24…29;

Ысык-Көл облусунда түнкүсүн 6…11, күндүз 21…26;

Нарын облусунда түнкүсүн 5…10, күндүз 21…26 градус болот.

Эртең Бишкек шаарында күндүз өткүн өтүп, күн күркүрөйт. Абанын температурасы түнкүсүн +13…+15 градус, күндүз +29…+31 градус болот.