Кадамжайда 5 киши бышкан эттен ууланды

Баткен облусунун Кадамжай районундагы Охна айылындп бир үй-бүлө бышкан эттен ууланды. Алар полиэтилен баштыкка салынып келген этти жегенден кийин ичи ооруп, көңүлү айнып, ооруканага беш үй-бүлө мүчөсү кайрылышкан. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлигинин басма сөз кызмат билдирди.

Министрлик билдиргендей,  учурда ууланган адамдардын ашказандары жуулуп, тиешелүү дарылануудан өтүп жатат. Бейтаптардын абалы туруктуу деп бааланууда.

Маалымат боюнча, үй ээси 21-майда эртең менен тойдон полиэтилен пакетке салынган бышкан эт алып келген. Бул этти үй-бүлөсү менен кечинде жешкен. 22-майда таңкы 6:00 чамасында бардык үй-бүлө мүчөлөрүнүн ичи ооруп, ооруканага түшкөң.

One thought on “Кадамжайда 5 киши бышкан эттен ууланды

Комментарии закрыты.