Футбол — 2018: Аргентина турнирди улантып, Исландия кош айтышты

Футбол боюнча дүйнө чемпионатынын 3-айлампасынын «D» тайпасынын алкагында Аргентина менен Нигериянын командасы ортосундагы оюн 2:1 эсебинде жыйынтыкталды.

Оюндун 14-мүнөтүндө узактан чыгарып берген топту Месси каршылашынын дарбазасына тээп гол киргизди. 51-мүнөтүндө Нигериянын жарым коргоочусу эсепти теңеди.

86-мүнөтүндө Меркадонун көтөргөн тобун Рохонун тебип эсепти 2:1 кылды.

Ал эми ушул эле тайпанын экинчи жубу Хорватия менен Исландиянын ортосундагы беттеш дагы 2:1 эсебинде аяктады. Алгач оюндун 53 мүнөтүндө Бадель эсепти ачса, исландиялык Гилфи Сигурдссон пеналтиден эсепти теңеп, Исландияга мүмкүнчүлүк алып берди. Бирок оюндун аягында Перишичтин тепкен тобу исландиялыктардын дарбазасына кирип, Хорватия курама командасына жеңишти тартуулады.