Илмияновго каршы жазылган арыз кайтарылып алынды

Сүрөтчү Азамат Жаналиев Икрамжан Илмияновго каршы УКМКга жазган арызын кайтарып алды. Мындай маалыматты сүрөтчүгө шилтеме жасап, «Азаттык» жазып чыкты.

Жаналиев мыйзамды билбестен УКМКга арызданып алганын, Кылмыш-жаза кодексинин 166-беренесин (“алдамчылык”) милиция карап, иликтей турганын белгилеген арызды коопсуздук комитетине жолдоду.

21-июнда Азамат Жаналиев УКМКга арыз менен кайрылып, ал Атамбаевдин сүрөтүн Илмияновго 10 миң долларга сатканын, бирок ал болгону 2500 доллар гана алганын айтып, Илмияновду «калган акчаны бербей, алдап кетти» деп айыптаган.

КСДП фракциясынын билдирүүсүндө сүрөтчү эмгегин белекке гана бергени, акча тууралуу эч кандай сөз болбогону айтылат. Ошондой эле Илмиянов сурөттү кайтарып берүүгө даяр экенин белгилеген.