Жети-Өгүздө 16 жаштагы баланы автоуна коюп кетип каза болду

Ысык-Көлдүн Жети-Өгүз айылында ЗиЛ унаасы 16 жаштагы баланы коюп кетти. Бул тууралуу облустук милициядан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, кырсык 26-июнь күнү  болгон. Окуяга Каракол шаарынын 25 жаштагы тургуну кириптер болгон. Анын айтымында, бала жолго чуркап чыга калган. Коюп кеткенден кийин ал өспүрүмдү Каракол шаардык ооруканага алып барган. Алган жаракатынан бала ооруканада көз жумган.

Аталган факты боюнча Кылмыш жаза кодексинин 281-беренесинин (Жол эрежесин бузуу жана киши өлүмүнө себепкер болуу) негизинде кылмыш иши козголуп, экспертизалар дайындалды.