Таластагы корукта мылтык менен фотокапканга түшүп калган адам изделүүдө

Талас областындагы корголуучу парктын аймагында фотокапканга ат минген киши мылтыгы менен түшүп калган. Бул тууралуу Германиянын табиятты коргоо уюмунун (NABU)” коомчулук менен иштөөчүү кызматкери Зарина Эсенбаева билдирди

Маалыматка ылайык, фотокапканда 2.3 сүрөттө ат минген киши мылтыгы менен корголуучу парктын аймагында жүргөнүн көрүүгө болот. Бул сүрөт май айынын аягында тартылып алынган. Парктын егери Рашитбек Бешкемпировдун айтымына караганда парктын аймагында көптөгөн жаныбарлардын түрү жашайт. Алар: күрөң аюу, илбирс жана башка жаныбардын түрлөрү. Азыркы убакта фотокапканга түшкөн киши боюнча маалыматты тактоо жүрүп жатат. Эгер анын браконьерчилике тиешеси бар болуп чыкса тийиштүү чаралар көрүлөт.

Айта кетсек май айынын башында NABU уюмунун Барс тобу парктын аймагына браконьерчилике каршы күрөшүү максатында 4 фотоловушка орнотуп келишкен болчу.