Айылдык кеңештин депутатына алы жетпеген укук коргоочулар

Мырзакат ТЫНАЛИЕВ, “Кыргыз Туусу”


Конституциянын 16-беренесинин 3-пунктуна ылайык, мыйзам жана сот алдында баары бирдей. Бирок, тилекке каршы, биздеги адам укуктарын коргоого милдеттүү болгон укук коргоо жана сот органдарынын айрым кызматкерлери үчүн андай эмес окшойт. Алар мыйзамдар бирөөгө карата иштеп, а экинчилерге карата иштебесе деле болот деп ойлошот окшойт.

Мисалы, Ысык-Көл районунун Кашат айылынын жашоочусу Керимбек Бурабаев бир нече жылдан бери бузулган өз укугун калыбына келтире албай жана аны бузгандарды жоопко тарттыра албай келет. Иштин чоо-жайы мындай.

Садыр  аке  айыл  өкмөтүнүн ишенимдүү өкүлү Жолочу Кадыр-кулов Ысык-Көл райондор аралык сотуна  №54  асыл  тукум  жылкы заводунан 1 410 000 сом карызын өндүрүү боюнча доо арыз менен кайрылып,  29.06.2015-ж.  доону камсыз кылуу максатында аталган соттон К.Бурабаевге тиешелүү жер участогун пайдаланууга тыюу салуу же түшүм жыйноону жүргүзбөө жөнүндө аныктама чыгартууга жетишкен. Кийин ошол эле соттун 6 айдан  кийинки  —  14.12.2015-ж. аныктамасы менен 1 410 000 сом карызды өндүрүү боюнча доо арыз кароосуз калтырылат.

Ал ортодо жер участогундагы К.Бурабаевге тиешелүү 6 миңге жакын түк чөптү Ж.Кадыркулов пресстетип, жүктөтүп алып кетет. Ошентип, иллюзионисттер айтмакчы, “Эч кандай алдамчылыксыз, бирок колдордун шамдагайлыгы  менен  эле”  соттун  чечими жок, а 6 миң түк, же ошол кездеги баа боюнча 663 000 сомдук чөп К.Бурабаевден тартылып алынган.

Ал го мейли. Андан кийинкиси да кызык. Бул “бир нече комбинациянын” (жөнөкөй айтканда, алдамчылыктын) натыйжасы экени ачык көрүнүп турса да, К.Бурабаевдин мыйзамдууу жол менен өз менчигин кайтарып алуу арыздары боюнча укук коргоо органдары “ооздоруна талкан куюп алышты”.

Башкы прокуратура, облустук, райондук прокуратуралар, Ички иштер министрлиги, Ысык-Көл РИИБсы ишти текшерүүнүн ордуна кайра-кайра жаап коюшкан. Бийлик алмашкандан кийин К.Бурабаевдин Президент Сооронбай Жээнбековго кайрылуусунан улам Башкы прокурор Өткүрбек Жамшитов тара-бынан көрсөтмө болгонбу, бул иш эми жеринде териштирилип жатыптыр. “Кеч болсо да – болгону жакшы” дегендей, эми ушул ишти мыйзам чегинде чечип, “комбинатор” Ж.Кадыркуловго чара көрүлөттүр. Же кайрадан эле прокуратура кыз-маткерлеринин Ж.Кадыркуловго карата ашкере “боорукерлигинен” улам жабылып калабы?..

Баса, бул Ысык-Көл облусунун укук коргоо органдарына “таасири күч” айылдык кеңештин депутаты Ж.Кадыркуловдун жалгыз жоругу эмес.

Анын “жоруктарынан” жабыр тарткандардын дагы бири – Токталы Мүлкүбатов. 10.05.2013-ж. “Эмка” айыл чарба кооперативин сатуу боюнча түзүлгөн алдын-ала келишимге ылайык, ал Ж.Кадыркуловго ишканасын мүлкү менен өткөрүп берген.  Кийин  сатып  алуучу  өз милдеттенмесин  аткарбагандан улам, келишим бузулган. Бул боюнча  соттук  териштирүүлөр Т.Мүлкүбатовдун пайдасына чечилип, ишканасы кайтарылып, а Ж.Кадыркулов жалпысынан – 366 453 сом алым төлөөгө милдеттендирилген.

Бирок, Ж.Кадыркулов Жогорку соттун 12.02.2015-ж. бул чечими кабыл алынары менен дароо күчүнө кирсе да аны аткарбай, ишкана-ны өзү каалагандай тескеп, анын мүлкүн сатып келген. Ал мыйзам-дуу күчүнө кирген чечимди аткартуу үчүн Ысык-Көл райондук сотунун (судья М.Акматова) аткаруу барагы 2017-жылдын 7-декабрында чыгарылса да, аны сот аткаруучулар быйыл апрель айында зорго ишканадан чыгарышкан.  Ал ортодо Т.Мүлкүбатовдун ишкананын ичиндеги мүлктөрү – темир менен жабылган бастырмасы Ж.Кадыркулов тарабынан кесилип, сатылып жаткандыгы боюнча Башкы прокуратурага, облустук, райондук прокуратураларга, Ички иштер министрлигине, Ысык-Көл РИИБсына  кайрылуулары  түшүнүксүз негизде  жабылып  кала  берген.  Т.Мүлкүбатовдун Ысык-Көл районунун прокурору М.Таалайбековго 28.03.2016-ж., Ысык-Көл облусунун прокурору М.Айдарбековго жана Ысык-Көл ИИБсынын начальни-ги О.Урманбетовго 19.09.2016-ж., Башкы прокурор И.Жолдубаевага 02.11.2016-ж. жана 21.02.2018-ж. кайрылуулары боюнча эч кандай чара көрүлбөгөнүн тактап коелу. Атүгүл, Т.Мүлкүбатов ишти карап жаткан тергөөчү Эгембердиевди ал темирлерди сатып алган адам-дын үйүнөн ээрчитип барып, андантүшүнүк да жаздырылган.Бирок, “Киши итин жумшайт, ит куйругун жумшайт” деген макалдагыдай болуп, Башкы прокурор облустун прокурорун, ал өз кезегинде райондун прокурорун, ал РИИБны “жумшап”, ал жерден иш мыйзамсыз токтотулуп, анысы кайра жокко чыгарылып, аягында натыйжасыз “унутулуп” кала берген.

Өткөн бийлик убагында Башкы прокурор И.Жолдубаева баш болуп прокуратура органдары өздөрү коррупцияга малынганы азыр белгилүү болуп калды. Ошондон улам азыркы Башкы прокурор Ө.Жамшитовдун прокуратура органдарын коррупциядан  арылтып,  адамдардын укуктарын натыйжалуу коргоп бере турганынан Президент Сооронбай Жээнбеков да, коомчулук да чоң үмүт артып отурат. Ушундай убакта, эми Ысык-Көл облусунун жана районунун прокуратура кызматкерлери ал үмүттү актайт болду бекен?..

Же кандайдыр-бир ачыкталбаган жең ичинен келишүүлөрдөн улам иш кайрадан жабылып кала береби?