Журналистика мектебинин алгачкы ийгилиги

Нарынкүл НАЗАРАЛИЕВА, «Кыргыз Туусу»


20-июнда “Сымбат Максутованын журналистика мектеби” окуу курсунун алгачкы бүтүрүүчүлөрүнө сертификат тапшыруу аземи өткөрүлдү.

Мурда  биз,  филология илимдеринин кандидаты, “Эркин тоо” мамлекеттик гезитинин Сот-укук бөлүмүнүн башчысы, ата мекендик журналистиканын көрүнүктүү өкүлү Сымбат Максутова ушундай аталыштагы мектеп ачканын кабарлаганбыз. Курстун угуучуларына эки айдын ичинде 36 академиялык саат окуу өткөрүлдү. Бүгүнкү күндө дүйнөдө маалымат технологиясы токтоосуз өсүп жатат. Журналисттик кесипке талап күчөдү. Ушундай жагдайда журналистика кадрларынын сапатын жакшыртуу, анын жаңы муунун өстүрүү боюнча коомчулукта пикирлер болуп жүргөн.

“Биз журналисттин этикасын, мыйзамын  сактоону,  жанрдык өзгөчөлүктөрдү айырмалап жазууну ж.б. баалуулуктарды окутуп жатабыз. Мисалы, Америкада, Европа өлкөлөрүндө факт-чекинг деген багыт бар. Ал маалыматты текшерип, чыпкалоодон өткөрүп туруп жарыялоо талабы. Бул кыргыз журналистикасында кеңири колдонулбай жүрөт. Мисалы, «Нью-Йорк таймс», “Вашингтон пост» гезиттерине америкалыктар бери дегенде 95 пайыз ишенет. Жалган маалымат кетирген журналисттин жоопкерчилигикатуу каралат. Биздеги айрым маалымат агенттиктери: “Сайтыбызга бир күндө 1,5 млн. колдонуучу кирет” деп айтып жатышат. А чынында кеп анын санында эмес сапатында. Ал эми “Азаттык” радиосунун белгилүү журналисти Санжар Эралиев мурда эч жерде чыгарыла элек кабарды үч-төрт маалымат булагынан сурап, чын-төгүнүн тыкыр иликтеп, анан эфирге берерин айтып, мастер-класс өткөрүп берди. Ошондуктан, журналистика мектебинин угуучуларына мен эле же мугалимибиз Артур Ажибаев эле сабак өтө бербей түрдүү жана эркин көз караштагы кесиптештерибиз да өз тажрыйбасын бөлүшүүсүнө кенен жол ачтык. Журналистика мектебинин башкы максаты – ата мекендик журналистиканын маданиятын көтөрүү.

Сабагыбызга  Кыргыз-түрк “Манас”   университетинен  келген абройлуу агай: “Кыргызстан эгемендүүлүк алгандан бери журналисттер элдин аң-сезимин жалаң саясатка буруп, саясатчы кылып “тарбиялап” таштадыңар. Бүгүнкү күндө коомдун жалаң жаман жактарын көрсөтүп, негативдерди жазып жатасыңар. Келгиле, эми калктын көңүлүн ишкерликтин ийгиликтерине буруп, тажрыйбасын бөлүшүүгө, экономиканы көтөрүүчү жагдайларга буралы”, – деп айтты.

Бүгүнкү күндө жаш бизнесмен Данияр Абдыкадыровдун колдоосу менен “Миллионерлер клубу” деген сайтты ачканы жатабыз. Анда биз саясатты, чыр-чатактарды эмес, шаарлар менен алыскы аймактарды өнүктүрүүгө салымын кошуп жаткан мекендештерибиздин ийгиликтерин чыгарабыз”, – дейт Сымбат Максутова.

“Сымбат Максутованын журналистика мектебине” бул тармакта билим алып жаткан студенттерден баштап, башка кесиптеги жарандар да келип окууга шарт түзүлдү. Жаш өзгөчөлүгү дагы чектелген жок. Окуу курсун 57 жаштагы кесиби мугалим Жумагүл Тентиева жана тигүүчү болуп иштеген 50 жаштагы Майрамбүбү Жусупбекова да аяктап, сертификат алышты. “Мен жаш  кезимде  журналист  болсом  деп көксөп жүрүп, окууга тапшыра  албай,  педагогдук кесипти аркалап  кеткем.  Бүгүн мен  университетти бүтүп, диплом алгандай эле толкунданып турам. Биз бул жерден тажрыйба, билимден тышкары  журналистиканын турмуштук мектебинен  өттүк. Сабакты эки ай окудук. Бирок, туугандарым, балдарым бир айда эле мага: «Апамдын көркөм сүйлөө, чечендик өнөрү мурдагыдан кыйла жогору көтөрүлдү”, – деп айта башташты. Буга чейин деле азын-оолак макала жазып жүрчүмүн. А бул жерден болсо жогорку чеберчилик менен жазуу оңой эмес экенин түшүндүм. Кыска мөөнөттө кесиптик чеберчиликтин алгачкы сырларын үйрөнүп, тажрыйбаларын өздөштүргөндүктөн фейсбукка, инстограммга жазгандарымды тартынбай чыгарып жатам. Буюрса, журналистика тармагына барып иштейм деген оюм бар. Азыр 57 жаштамын. Жараткан ден соолук берсе 70 жашка чейин иштей берем дейт”, – Жумагүл Тентиева.