28-июнга карата аба ырайы

28-июнда Чүй, Нарын, Ысык-Көл облустарынын айрым жерлеринде, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын тоо этектеринде жана тоолуу райондордо өткүн өтүп, күн күркүрөп, бийик тоолуу райондордо кар жаашы ыктымал. Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын өрөөндөрүндө жаан-чачын болбойт. Батыш тараптан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.

Абанын температурасы:

Чүйдө түнкүсүн 12…17, күндүз 27…32

Баткенде түнкүсүн 15…20, күндүз 29…34,

Таласта түнкүсүн 11…16, күндүз 25…30,

Ош менен Жалал-Абадда түнкүсүн 14…19, күндүз 28…33,

Нарын менен Ысык-Көлдө түнкүсүн 6…12, күндүз 21…27,

Бийик тоолуу райондордо түнкүсүн -4…+1, күндүз 9…14 градус болот.

Бишкекте өткүн өтүп, күн күркүрөшү ыктымал. Абанын температурасы түнкүсүн 15…17, күндүз 30…32 градуска чейин көтөрүлөт.