Алтынкыз КАЗАКБАЕВА: «Сынакка катышуумдун максаты жеңиш эмес болчу…»

Жыпар ИСАБАЕВА,“Кыргыз Туусу”, Бактыгүл МАДМАРОВА, практикант


Жакында Бишкек шаарында “Р-Стайл Бьюти” компаниясы тарабынан “Кыргызстандын мисси – 2018” деп аталган айымдар арасындагы сынак өттү жана сынакка катышкан айымдардын жаш курагы чектелген эмес. Жыйынтыгында эки уул, бир кыздын апасы, 33 жаштагы Алтынкыз Казакбаева “Кыргызстандын сулуу айымы – 2018” таажысын кийди. Белгилей кетсек, ушул эле жылдын январь айында “Мини принцесса-2018” деп аталган кенже кыздар сынагында өткөн сынакта баш байгени ушул эле А.Казакбаеванын кызы, 8 жаштагы Анархан Эсенгелдиева жеңип алган.

–  Саламатсызбы,   Алтынкыз айым, ийгиликтүү жана абдан сулуу айымдын редакциябызга келиши окурмандар үчүн кубанычтуу жаңылык болот десем жаңылбайм. Өзүң жөнүндө айтып берсең?

– Рахмат. Мен дагы эл сүйгөн, менин ата-энем сүйгөн “Кыргыз Туусу” гезитинин редакциясына келип, толкунданып турам. Мен 1984-жылы 3-октябрда Бишкек калаасында туулуп-өскөм. Атам – жазуучу Дайырбек Казакбаев Нарындын Ак-Талаасынан болот. Апам – Таластын кызы. Менин эки жогорку билимим бар. Биринчиси – юрист, экинчиси – англис тили боюнча мугалиммин. Азыркы учурда Мамлекет жана укук таануу багытында билимимди жогорулатып, аспирантурада окуп жатам.

– Кызыңыз да, өзүңүз да сынакка кандайча катышып калдыңыздар?

– Алгач ушул сынакка кызымды катыштыргам. Анархан хореографиялык мектептин 2-классында окуйт. Келечекте балерина болсом деген чоң максаты бар. Ошол себептүү сахнага көнсүн деген тилекте иш-чарага катыштыргам. Сынакта кызым ак куунун образын жаратуу менен гран-приге ээ болду жана бул кызымдын чыгармачылыгына дем болду. Бул сынак чоң долбоордун биринчи этабы эле. Мен кызымды алып барып жүргөн кезде эне-айымдар арасында өтүүчү сынакка – экинчи этабына тандоо жүрүп жаткан экен. “Сиз ушул сынакка сөзсүз катышыңыз”, – деп уюштуруучулар мага сунуш айтып, чакыруу беришти. Мен, албетте, адегенде ынанган жокмун. Ойлондум. Апама да айткан жокмун. Бирок курбум Асель мага абдан ишеним көрсөтүп, шык берип, атүгүл мен сынакка даярданып жүргөн кездерде балдарымды карашып, кийимдерди тандоодо жардам берип, айтор, эң биринчи күйөрманым болду.  Аселге  абдан  чоң  ыраазычылык билдирем.

– Таймаш кандай шарттарда өттү? Кандай тапшырмалар болду?

– Адегенде аңгемелешүүдөн өттүк. Ан-дан кийин туура басып-туруу сынагы болду. Андан кийин баарыбыз кыргыз бийин жана ага кошо заманбап бийлерди бийледик. Кийинки тапшырма – бир жарым мүнөттүк видео тасма аркылуу өзүбүз тууралуу то-лук маалымат бергенге мүмкүнчүлүк болду.  Сынактын  кийинки  талабы  –  өзүбүз даярдаган кечки көйнөктөрдү кийип чыктык.

Ал эми акыркы сыноо – саясаттан баштап, өзүбүздүн жеке кызыкчылыктарыбыз, жеке көз караштарыбыз чагылдырылган интеллектуалдык суроолор менен орус-кыргыз тилинде өттү. Жыйынтыгында, буйрук экен, таажы кийдим.

– Бул сынактын башка сынактардан айырмасы кандай?

–Мында жалаң балалуу айымдар катышты жана алардын жаш курактары эсепке алынган жок. 19 жаштан 55 жашка чейинки айымдар катышып, эң улуубуз Чолпон эже эки баланын апасы, алты неберенин чоң апасы экен. Бул сынак аркылуу уюштуруучулар айымдардын үйдө эне, аялзаты жана коомчулукта ишкер катары да жетишкендиктерин алып чыгууну каалашкан экен.

– Сынак учурунда сиздин күйөрманыңыз кимдер болду?

–Башынан эле жанымда Асел жүрдү. Апама болсо, сынакка бир жума калганда айттым. Жактырган жок. Жаш кыздардын сынагы деп ойлогон окшойт. Бирок иш-чарага келип, ар тармактуу айымдарды көргөндөн кийин жакшы маанайда олтурду. Биринчиликти алганда абдан кубанды.

– Жазуучунун кызы болсоңуз, сизде  да  чыгармачылык  “чымындар” барбы?

–  Чыгармачылык  үй-бүлөдө  чоңойгондуктан,  албетте,  бар.  Адабиятка  абдан жакынмын. Атамдын калемдеш досторун – аяш аталарымдын баарын тааныйм. Алар менен атамдар катышып, келишип-кетишип дегендей, отуруп алып чыгармачылык тууралуу сүйлөшүшчү. Баары эсимде. Ошол се-бептен бул жанрга көзүм каныгып, кулагыма сиңип калган. Кыргыз жана дүйнөлүк адабиятты жактырып окуйм. Апам Ырысбүбү Абдыракманованын да жазуучу катары таасири бар. Азыркы учурда чыгармачылыктан алыстап жүрөм. Анткени, убактым тар, балдарым жаш, жумуш көп. Бирок, кызым жана  өзүм  катышкан  сынактар  тууралуу бардыгын өзүм жаздым. Балким. келечекте өзүмө мүмкүнчүлүк түзүп, чыгармачылыкка кайрылам.