29-июнга карата аба ырайы

29-июнда түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт, күндүз тоолуу райондордо өткүн өтүп, күн күркүрөшү, бийик тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт, дыйканчылык аймактарында жаан-чачын күтүлбөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге чейин жетет.

Абанын температурасы:

Чүй облусунда түнкүсүн 13…18, күндүз 28…33

Талас облусунда түнкүсүн 12…17, күндүз 26…31,

Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн 13…18, күндүз 29…34,

Нарын облусунда түнкүсүн 9…14, күндүз 23…28,

Ысык-Көл облусунда түнкүсүн 9…14, күндүз 23…28.

Эртең Бишкек шаарында жаан-чачын жаабайт. Абанын температурасы түнкүсүн 16…18, күндүз 31…33.