Футбол-2018: Тайпалык оюндар жыйынтыкталды

Россияда өтүп жаткан футбол боюнча дүйнө чемпионатында тайпалык оюндар жыйынтыкталып финалдын 1/8 бөлүгүнө өткөн 16 команда аныкталды.

Акыркы топтук оюнда Бельгия менен Англиянын курама командалары беттешип, Бельгиянын оюнчулары 1:0 эсебинде жеңип, күчтүүлүгүн көрсөтө алды. Натыйжада Бельгия “G” тайпасында ишеничтүү биринчи орунду алса, Англия экинчи сапка жайгашты.

Ошондой эле “Н” тайпасында Колумбия менен Жапониянын командалары чемпионатта жүрүшүн улантат.

 

1/8 бөлүктө ойной турчу командалар:

— Франция — Аргентина (30-июнь, 20.00, Казань);

— Уругвай — Португалия (30-июнь, 00.00, Сочи);

— Испания — Россия (1-июль, 20.00, Москва);

— Хорватия — Дания (1-июль, 00.00, Нижний Новгород);

— Бразилия — Мексика (2-июль, 20.00, Самара);

— Бельгия — Япония (2-июль, 00.00, Ростов-на-Дону);

— Швеция — Швейцария (3-июль, 21.00, Санкт-Петербург);

— Колумбия — Англия (3-июль, 00.00, Москва).

Мелдештердин башталчу сааты Бишкек убактысы боюнча көрсөтүлгөн.

Ал эми чейрек финалга 8 команда чыгат.