Жогорку Кеңештин депутаты Искандер ГАЙПКУЛОВ: «Кайрылууну өлкө башчы өз убагында жасады»

Вера БЕДЕЛБЕК, “Кыргыз Туусу”


27-июнда Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков Жогорку Кеңештин жыйынында жалпы кыргыз элине кайрылуу жасады. Өлкө башчы өз кайрылуусунда мамлекеттеги ар кыл жагдайлар боюнча так аныктама берип, аларды чечүү боюнча өзүнүн багытын билдирди. Эске салсак, буга чейинки президенттердин өлкө башына келгенине жарым жыл болгондо Жогорку Кеңештин трибунасынан мындай кайрылуу жасаган учуру болгон эмес.

—  Президенттин  мындай кайрылуусу Жогорку Кеңеште көптөн бери чыга элек болчу. Президент алты айдан бери иштеп, өзүнүн администрациясына, башка органдарга программасында камтылган тапшырмаларды  коюп  келген.  Өлкө башчынын  кайрылуусу  президенттин алдыда боло турган кыска-мөөнөттүү программасынын негизинде болду. Программанын негизи коррупция менен күрөшүү, соттук реформа, анан тууганчылыкка жол бербей, коррупцияга катыштыгы барларга аёосуз чара көрүлсүн деген милдетти парламенттин алдында мамлекеттик органдарга койду. Себеби, парламенттеги трибунадан сүйлөнгөн ар бир сөз же кайрылуу мамлекеттик органдарга милдет. Кайрылууну өлкө башчы өз убагында жасады.

Инвестициялык долбоорлорду ишке ашыруу боюнча жана чет өлкөлөр менен мамилелерде кайсы багыт боюнча иш жүргүзүү керектигин айтты. Айрыкча ЕАЭБге кирген мамлекеттер менен тең ата иштешебиз, тараптардын ортосундагы келишимдерге ылайык милдеттерибизди так аткарабыз, жана алардан ошону талап кылабыз деген көз карашын айтты. Ошондой эле Кытай Эл Республикасы жана кошуна мамле-кеттер менен чек ара маселелери боюнча кайсы багытта иш алып баруу керектигине токтолду. Менимче мамлекеттик бар-дык органдар ушул кайрылуунун негизинде өзүнүн иш пландарын бекитсе, парламент дагы күздө ушул багыттар боюнча мыйзамдарды убагында кабыл алып берсек, анда Президенттин кайрылуусу ишке ашкан болот.