Жогорку Кеңештин депутаты Алмазбек БААТЫРБЕКОВ: «Коррупция менен күрөш баарына бирдей экендигин баса белгиледи»

Вера БЕДЕЛБЕК, “Кыргыз Туусу”


27-июнда Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков Жогорку Кеңештин жыйынында жалпы кыргыз элине кайрылуу жасады. Өлкө башчы өз кайрылуусунда мамлекеттеги ар кыл жагдайлар боюнча так аныктама берип, аларды чечүү боюнча өзүнүн багытын билдирди. Эске салсак, буга чейинки президенттердин өлкө башына келгенине жарым жыл болгондо Жогорку Кеңештин трибунасынан мындай кайрылуу жасаган учуру болгон эмес.

— Жогорку Кеңештин трибунасынан Сооронбай Шариповичтин кайрылуу жасаганы өз убагында, туура болду. Эң негизгиси, Президент өз кайрылуусунда мамлекеттин ушул убакка чейин аткарылган жана келечекте жасала турган иштерине токтолду. Кайрылууда күч органдарынын, коопсуздук кызматынын, ИИМдин жана сот тармагындагы реформалар 2019-жылдын январь айынан баштап, тактап  айтканда,  кодекстердеги жаңылануулар күчүнө кирерин жана ошол реформаларды чукул арада ишке ашырып, өзгөрүүлөрдү турмушубузда көрүшүбүз керек деген жакшы ойлорун айтты. Келечектүү долбоорлордон Кыргызстан-Кытай-Өзбекстан темир жолун куруу зарылдыгына токтолду.

Парламенттик демократиянын орношу, пландык аткарылган иштер, коррупцияны жоюу боюнча да жакшы, туура ойлорун айтты. Буга чейинки убактардагы президенттердин парламенттин трибунасынан жалпы коомчулукка, бий-ликтерге карата мындай кайрылуусу болгон эмес. Менимче, өлкө башчынын мындай кайрылуу жасаганы эң туура. Парламенттин трибунасында бардык тармактагы көйгөйлөр боюнча өз оюн ачык айтып, Жогорку Кеңешке, Өкмөткө, элибизге дагы кайсы багыттар боюнча иш алып баруу керектигин көрсөттү. Ошол эле учурда өлкө башчы бул жыйында өз кайрылуусу менен Өкмөттүн, Жогорку Кеңештин коомчулук менен биргеликте чогуу иш алып баруусуна чакырык таштады. Коомубузда чагымчылдык иштердин болуп жатканы да айтылды.Ошол чагымчылдык иштерге жетеленбестен иш алып барсак деген туура сөздөр айтылды. Жалпылап айтканда, кийинки убактарда коомчулукта коррупция боюнча иш козголгондорду саясатка айландыруу аракети болгондуктан коррупция менен күрөш тандоо жолу менен эмес, баарына бирдей деген сөздүн айтылганы да туура болду деп ойлойм.