Жогорку Кеңештин депутаты Айнуру АЛТЫБАЕВА: «Буга чейинки өлкө башчылары парламенттин трибунасынан мындай кайрылуу жасаган эмес»

Вера БЕДЕЛБЕК, “Кыргыз Туусу”


27-июнда Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков Жогорку Кеңештин жыйынында жалпы кыргыз элине кайрылуу жасады. Өлкө башчы өз кайрылуусунда мамлекеттеги ар кыл жагдайлар боюнча так аныктама берип, аларды чечүү боюнча өзүнүн багытын билдирди. Эске салсак, буга чейинки президенттердин өлкө башына келгенине жарым жыл болгондо Жогорку Кеңештин трибунасынан мындай кайрылуу жасаган учуру болгон эмес.

— Бүгүн Жогорку Кеңеште өзгөчө саясый окуя болду, анткени Президентибиз Жогорку Кеңешке келип, кыргызстандыктарга, мекендештерге кайрылып, негизги стратегиялык багыттарды  айтты.  Жогорку  Кеңешке Президент, Өкмөттүн курамы менен келип, кайрылуу жаса-ганы жакшы жөрөлгө. Буга чейинки президенттердин Жогорку Кеңештин трибунасынан жалпы коомчулукка мындай кайрылуу жасаганы болгон эмес. Кайрылууда Президент “бийликтин кайсы бутагы болбосун, аткаруу, сот, мыйзам чыгаруу бийлиги, баарыбыз чогуу ынтымакта иш алып барсак, ошондо гана өнүгүү болот” деди. Ошондуктан Жогорку Кеңештин трибунасындагы бүгүнкү кайрылуу абдан туура экендигин баса белгилеп айткым келет. Президенттин келиши менен Жогорку Кеңештин жыйындар залында бүгүн башкача дух өкүм сүрдү. Негизги көйгөйлүү маселелер боюнча туура багыт берип, экономикалык, социалдык, коррупцияга каршы күрөш боюнча жакшы ойлор айтылды. Мурда биз саясый туруктуулук, тынчтык болсун дегенди көп айтчубуз. Азыркы кайрылууда өлкөбүздүн өнүгүүсү тууралуу көбүрөөк айтылды. Кудайга шүгүр, элибиз тынч, саясий туруктуулук камсыздалган мамлекетте жашап жатабыз. Биз азыр мамлекеттин өнүгүүсүнө карай багыт алышыбыз керек. Мен Президенттин “Өлкөдөн кымбат дөөлөт жок” деген сөзүн эстеп отурам. Менин оюм-ча бүгүнкү кайрылуунун негизги концепциясы ушул сөздөр болду. Анткени саясый да өнүгүү болушу шарт. Президент сая сый өнүгүүдө парламенттик демократияны колдойм деди. Саясый система туруктуу, парламенттик демократия өнүксө, экономикабыз өнүгөт, экономикабыз өнүксө, көптөгөн социалдык маселелер чечилип, долбоорлордун ишке ашуусуна мүмкүнчүлүк түзүлөт. Кайрылууда Президент Сооронбай Жээнбеков өлкөбүздүн бакубаттуулукка жетүүсү туура-луу жакшы ойлорун айтты.