«Эркин Тоо» гезитинин башкы редактору Дыйканбек КЕРИМБАЕВ: «Президент өлкөдөгү жагдайлар боюнча өзүнүн конкреттүү сунуштарын айтты»

Вера БЕДЕЛБЕК, “Кыргыз Туусу”


27-июнда Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков Жогорку Кеңештин жыйынында жалпы кыргыз элине кайрылуу жасады. Өлкө башчы өз кайрылуусунда мамлекеттеги ар кыл жагдайлар боюнча так аныктама берип, аларды чечүү боюнча өзүнүн багытын билдирди. Эске салсак, буга чейинки президенттердин өлкө башына келгенине жарым жыл болгондо Жогорку Кеңештин трибунасынан мындай кайрылуу жасаган учуру болгон эмес.

—  Президент  Сооронбай Жээнбековдун  парламенттин  жыйынында  сүйлөгөн сөзүнөн  жалпысынан  өзү өлкө башына келген мезгилден  тартып,  өлкөдөгү  кырдаалды терең талдап чыгып, маанилүү жыйынтыктарга келгени көрүнүп турат. Жакынкы жылдарда алдыда кандай иштерди, өзгөрүүлөрдү жаса-сак болот деген багытта өзүнүн конкреттүү сунуштарын жана бир нече багыттардагы жагдайлар боюнча кандай чараларды көрүү керектигин айтты. Буга чейин сая сый туруктуулуктун болгонун жана шайлоо системасында да өзгөрүүлөрдүн болгонун белгилеп өттү. Ошол эле убакта дагы көптөгөн өзгөрүүлөрдүн керектиги айтылды. Буга чейин коопсуздук кеңешинин жыйынында укук коргоо органдары, күч түзүмдөрү, сот тармагы өздөрү дагы коррупцияга малынып отурат деген эле, ошол айтылгандарга басым жасады. Ал буга чейин айтылгандар боюнча дагы деле реформа жүзөгө аша электигине, алгылыктуу иштердин жүрбөй жаткандыгына токтолуп, реформаны жакынкы убактарда ишке ашыруу зарылдыгын айтты. 2019-жылдан тартып бизде жаңы кодекстер иштей баштайт. Ошондон улам сот системасына ишеним боло тургандыгын, ошол жаңы кабыл алынган кодекстерди толук түрдө иш жүзүнө ашырып, анын негизинде жашашыбыз керектигине токтолду. “Белгиленген мөөнөткө чейин биз жетишпей калдык деген шылтоо айтылбаш керек” деди. Эгерде ошол реформаларды үзгүлтүккө учуратып, жетишпей калдык деп, көңүл кош мамиле жасалса анда, ошол тиешелүү чиновниктерге карата катуу чаралар көрүлө тургандыгын айтты.