“New TV” телеканалынын директору Нурлан ШАКИЕВ: «Учурдун талабы болгон реформаларды ыкчамдатууга басым жасады»

Вера БЕДЕЛБЕК, “Кыргыз Туусу”


27-июнда Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков Жогорку Кеңештин жыйынында жалпы кыргыз элине кайрылуу жасады. Өлкө башчы өз кайрылуусунда мамлекеттеги ар кыл жагдайлар боюнча так аныктама берип, аларды чечүү боюнча өзүнүн багытын билдирди. Эске салсак, буга чейинки президенттердин өлкө башына келгенине жарым жыл болгондо Жогорку Кеңештин трибунасынан мындай кайрылуу жасаган учуру болгон эмес.

— Сооронбай Шариповичтин Жогорку Кеңештин жыйынындагы кайрылуусун баштан-аяк, кунт коюп окуп, анализдеп чыктым. Негизи кайрылууда айтылган жагдайлардын бардыгы туу ра жана өз убагында так, даана айтылган. Мындай кайрылууну көпкө созбой, болгонун болгондой ачык айтканына абдан ыраа зы болдум. Кемчиликтерди дагы, катачылыктарды дагы айтып, ошону менен бирге аларды чечүүнүн, жоюунун жолдорун дагы айтып өткөн. Негизи эле көпчүлүгүбүз кемчиликтерди айтабыз, бирок чечүү жолдорун билбейбиз, багытын даана көрсөтө албайбыз. Менимче президенттин айткан тапшырмаларынын аткарылышын катуу көзөмөлгө алып, ага тийиштүү органдар кандай аракеттерди көрүп жа-тат, мына ошону көзөмөлдөө керек. Бул айтылган сөздөр жөн калбашы керек. Эгер, бул кайрылуудагы көрсөтүлгөн багыттардын 50 пайызы ишке ашса, анда бир топ алдыга жылуу болот.

Байкашымча саясый оппоненттерге куугунтук болбой, бардыгы мыйзам чегинде аныктала тургандыгын ачык айтыптыр. Ал эми коррупция боюнча айтканы албетте, ишке аша турган эле жагдайлар. Ошону менен катар улуттук биримдик, ынтымак-ырашкерлик жөнүндө жакшы ойлорду айтыптыр. Анан эң башкысы учурдун талабы болгон реформаларды ыкчамдатууга басым жасап, укук коргоо органдарын, сот тармагын, айрыкча милицияларды реформалоого токтолгон. Ал эми тышкы саясат тууралуу кошуналар менен мамилени бекемдеп, чыңдоо керектигин айткан. Ушунун бардыгы олуттуу жагдайлар.