Исха Масалиев: “Туура эмес добуш бердим деген депутаттардын айлыгын кесүү керек”

“Туура эмес добуш бердим же менин ордума башка бирөө добуш берди деген депутаттардын айлыгын кесүү керек”, — деп бүгүн, 23-майда парламенттин Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укуктук маселелер жана Жогорку Кеңештин Регламенти боюнча комитеттин жыйынында “Өнүгүү-Прогресс” фракциясынын депутаты Исхак Масалиев билдирди.

Жыйында Комитеттин төрайымы КСДП фракциясынын депутаты Асел Кодуранова»Процессуалдык макулдашуу институтунун киргизилиши жөнүндө» мыйзам долбоорун күн тартибине киргизүүнү сунуштаган. Анын айтымында, 37 депутат бул долбоорду кайра карап чыгуу боюнча кайрылышкан. «Айрым депутаттар туура эмес добуш бергенин, кээ бирөөлөрү ордуна башка бирөө добуш берип койгонун айтышты», — деди Кодуранова.

Исхак Масалиев 37 депутаттын жүйөлүү себеби жок экенин айткан. “Эгерде депутаттын ордуна башка бирөө добуш берсе, анда жумушка келген эмес экен да. Туура эмес добуш бердим дегенди кандай түшүнсө болот?” — деп нааразы болду Масалиев.

Жыйынтыгында мыйзам долбоору күн тартибине кайра добуш берүүгө коюлду.