ИИМдин беделине урулган сокку: шалаакылык, уйкучу милиция, шектүү “жөө күлүк”… кыйноолор, Батукаевге кызмат кылган “таасирдүү күчтөр”

Болотбек ТАШТАНАЛИЕВ, “Кыргыз Туусу”


Ичинен ириген…

Бир мезгилде Жогорку Кеңештин трибунасынан күч түзүмдөрүнүн криминалдар менен коюн-колтук алышып калганы тууралуу сөз болуп, айрыкча коомдук тартиптин сакчылары элдин коопсуздугун коргобой эле, криминалдардын колуна суу куюп, кызмат кылып калганы айтылган эле. Андан бери эмне өзгөрдү? Арийне эч нерсе. Бүгүн да күч түзүмдөрүнө, анын ичин-де ички иштер органдарына карата нааразылыктар, дооматтар, сын пикирлер оголе көп. Бул курулай жалаа жабуу, же каралоо эмес, турмуштун ачуу чындыгы бой-дон кала берүүдө.

Айталы, милиция кызматкерлери үчүн кызмат абалына кыянаттык, жоопкерсиздик жана өз ишине шалаа-кылык менен мамиле кылуу кадыресе көрүнүш болуп калгандай, коррупция жана паракорчулук ички иштер органдары үчүн бөлөк-бөтөн нерсе эмес. Коррупция менен паракорчулук ички иштер органын ичинен иритип жатса да, коомдук тартип сакчылары бул илдет менен коюн-колтук алышып келатканы эч кимге жашыруун эмес. Милиция кызматкерлери шектүүлөрдөн же айыпталуучулардан гана пара талап кылышпайт. Алар бири-биринен да пара алышат, бири-бирине пара беришет. Бул далилдөөнү талап кылбаган чындык.

Шалаакылык: 20 жаштагы кыздын өлүмү… кызматтан айдалган 23 кызматкер…

Алыс барбай бир мисал айталы. Үстүбүздөгү жылдын 27-майында Чүй облусунун Жайыл райондук ички иштер бөлүмүндө милиция кызматкерлеринин көз алдында, канкордун бычагынан 20 жаштагы Бурулай Турдали кызынын өмүрү кыйылып, бул окуя кыргыз коомчулугу гана эмес, дүйнөлүк коомчулукта чоң сенсация жаратты. Эгер, бул окуя коомчулукту мынчалык дүрбөлөң кылбаса кандай болор эле, ким билет?…

ИИМдин Ички иликтөө кызматы тарабынан кызматтык иликтөө жүргүзүлүп, анын жыйынтыгында КР ички иштер органдарынын Тартиптик уставынын, КР ИИОнын “Нөөмөт бөлүмдөрдүн ишмердүүлүгүн жогорулатуу чаралары жөнүндө” буйругунун жана катардагы жана жетектөөчү курамынын кызмат өтөөсү жөнүндө Жобосунун талаптарын, “КР ички иштер органдарынын кесиптик этикасынын Кодексин” одоно түрдө бузгандыгы үчүн Чүй ОИИББнын башчысы, полковник Н.Сарчаев, Чүй ОИИББнын башчысынын орун басарлары: полковник К.Жумаев, полковник М.Асанов, Жайыл РИИБнүн башчысы, подполковник М.Исмаилов ээлеген кызматынан бошотулса, Жайыл РИИБнүн башчысынын орун басары, майор Ж.Абыканов кызматтык милдеттеринин талаптарына жооп бербеген абалда иш алып баргандыгы, өз ишине кайдыгерлик менен мамиле кылгандыгы, кол алдындагы тергөө ыкчам тобунун өздүк курамына жетишээрлик деңгээлде көзөмөл жүргүзө албагандыгы, РИИБнүн имаратында жаранды бычактап адам өлүмүнө алып келген окуяга жол берилгени, элдин милиция кызматкерлерине болгон ишеничин төмөн абалга кептегени үчүн ички иштер органда-рынын кызматынан биротоло айдалды.

Жайыл РИИБнүн башчысынын дагы бир орун басары, майор Б.Чаргынов “кызматка толук эмес ылайыктыгы жөнүндө эскертүү” тартиптик жазасы жарыяланды. Жайыл РИИБнүн коомдук коопсуздук кызматынын башчысынын орун басары, кенже лейтенант А. Аблабеков ээлеген кызмат ордунан бошотулду.

Булардан тышкары, Жайыл РИИБнүн тергөөчүсү, лейтенант Э.Кадышев, Чүй ОИИББнын жол коопсуздугун камсыз кылуу бөлүмүнүн жолду көзөмөлдөө бөлүмүнүн башчысы, майор Т.Ниязалиев, Чүй ОИИББнын жол коопсуздугун камсыз кылуу бөлүмүнүн нөөмөт бөлүмүнүн ага  тескөөчү-нөөмөткери,  капитаны  Т.Макашов ээлеген кызматтарынан бошотулду.

Жалпысынан, кызматтык иликтөөнүн жыйынтыгы менен 23 кызматкер тийиштүү жазаларын алды. Ички иштер органдарынын катарынан биротоло айдалгандар — 5, ээлеген кызмат ордунан боштулгандар — 8, кызматка толук эмес ылайыктыгы жөнүндо эскертилгендер — 7. Кызматтык иликтөөнүн жыйынтыгы юридикалык баа берүү үчүн прокуратура органдарына жиберилди.

Шалаакылыкпы же кызмат абалына кыянаттыкпы: Уйкучу милиционер… шектүү “жөө күлүк”…

Бурулайдын  кайгылуу  окуясынан  көп  өтпөй, 31-майда Сокулук РИИБнын кызматкери машинасында уктап калып, машинада отурган баңгизаттарын мыйзамсыз сактоо жана сатуу боюнча шектелип кармалган кишини качырып жиберди. Эмнегедир, бул окуя коомчулукта эч кандай сенсация жараткан жок, катардагы көрүнүштөй кабыл алынды. А балким, көпчүлүктүн көз жаздымында калып да кеткендир. А чындыгында бул окуя да Бурулайдын өлүмүнө жол берген шалаа-кылыктан кем эмес болчу. Ал түгүл бул окуяны кызмат абалына болгон кыянаттык жана кылмышкердин из жашырып кетишине көмөктөшүү деп түшүндүрсө болчудай.

Окуя мындай. 31-майда Сокулук РИИБнын жана ИИМдин баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүү менен күрөшүү боюнча кызматынын кызматкерлери тарабынан баңгизаттарын мыйзамсыз сактоо жана сатууга шектелип Ш.Ш. кармалып, анын жанынан 404 грамм гашиш алынган. Бул факт боюнча материал Сокулук РИИБнын тергөө кызматынын тергөөчүсүнө берилип, КР ККнын 247-беренеси боюнча кылмыш иши козголот. Ошол эле түнү кармалган Ш.Ш. катылган баңгизаты тууралуу маалымат берип, Панфилов районунда (!) ыкчам-иликтөө аракеттери жүргүзүлөт. Ыкчам-иликтөө иштеринин убагында, баңгизаты менен кармалган шектүү киши милиция кызматкери менен машинада калышат да, шектүүнү кайтарган милиция кызматкери кашайып уктап калып, шектүү киши качып кетет.

Ырас, кылмышка шектүүнү качырып жибергендер жазасыз калышкан жок. Сокулук РИИБнин жана ИИМдин баңгизаттарын мыйзамсыз жүгүртүү менен күрөш боюнча кызматынын бир катар кызматкерлери Сокулук РИИБине баңгизаттарын мыйзамсыз сактоо жана сатуу боюнча шектелип алып келинген шектүү кишини качырып жиберүү фактысы боюнча кызматтык териштирүүнүн жыйынтыктары боюнча тартиптик жаза алышты: Сокулук РИИБнын нөөмөт бөлүгүнүн ага инспектору Т.Абыков, ИИМдин баңгизаттарын мыйзамсыз жүгүртүү менен күрөш боюнча кызматынын начальниги СБНОН МВД И.Бакиров кызматка толук эмес ылайыктыгы тууралуу эскертүү, Сокулук РИИБнин коомдук коопсуздук кызматынын начальниги М.Иманалиевге, нөөмөт бөлүгүнүн күзөт тобунун милиционери А.Масырбековго катуу сөгүш, ИИМдин баңгизаттарын мыйзамсыз жүгүртүү менен күрөш боюнча кызматынын ыкчам-иликтөө башкармалыгынын начальниги Р.Ушамиев, Сокулук РИИБнин начальнигинин орун басары О.Кеңешбек уулуна сөгүш жарыяланган.

Кызматтык иликтөөнүн жыйынтыгы юридикалык баа берүү үчүн прокуратура органдарына жиберилиптир. Сокулук районунун прокурору Марат Бусурманкулов бул окуяга кандай баа берди, ал башка маселе. Бул жерде бизди күдүктөнткөн, күмөн жараткан көп нерсе бар. Айталы, кылмышка шектүү менен милиция кызматкери бир машинада отуруп, милиция кызматкери уктап калды дегенге ким ишенет? Бул бир. Экинчиден, баңгизаттарын мыйзамсыз сактоо жана сатуу боюнча шектелген киши Сокулук районунда кармалып жатса, аны Панфилов районуна эмнеге алпарышты? Баңгизат Панфилов районунда катылган дегени үчүн элеби? Айтор, бул соо киши ишене турган нерсе эмес. Жомокко да ишенсе болот, а милиция кызматкерлеринин бул “жомогуна” ишенүү мүмкүн эмес. Үчүнчүдөн, Сокулук РИИБнын кызматкерлери Панфилов районунун аймагында ыкчам-иликтөө аракеттерди жүргүзө тургандыгы тууралуу ал аймактагы РИИБнын кызматкерлерине бир ооз эскертип айтышканбы? А балким кылмышка шектүүнү качыруу “алчу” нерсени алып коюп, анан атайы уюштурулган нерсе болуп жүрбөсүн?

Айтор  суроолор  көп.  Кызматтык  иликтөөнүн жүрүшүндө мыйзамдуулук, кызматтык тартип одоно бузулган. Кызматты аткаруу жана уюштуруу өз деңгээлинде жүргүзүлгөн эмес. Бир сөз менен айтканда, кылмышка шектүүнүн качып кетиши үчүн “уктап калуу” менен, жагымдуу шарт түзүп беришкен. Бул шалаакылыкка караганда да, кызматтык милдеттерин ойдогудай орундай албаганга жатат. Анда эмнеге ички иштер органына жана жалпы эле ИИМ кызматкерлеринин кадыр-баркына шек келтирген кызматкерлерге жеңил жаза берилип калган? Же бул окуя да Бурулайдын окуясы сыяктуу коомчулукта сенсация жараткан фактыга айланышы керек беле? Же ИИМ үчүн бул кадыресе эле окуябы?

ИИМ системасынын жүзү: кыйноолор…

Күч  түзүмдөрүнө,  анын ичинде ички иштер органдарынын кызматкерлерине карата айтылган нааразылыктар жа-на дооматтардын көбү жүйөөлүү экенине далилдер четтен чыгат. Кечээ жакында Кыйноолорду алдын алуу боюнча улуттук борбор-дун директору Нурдин Сулайманов Кыргызстандагы кыйноолордун 91%ы ички иштер органдарынын системасына таандык экендигин шардана кылды. Бул эмнени билдирет? Бул Ички иштер органдарынын кызматкерлери кылмышка шектүүлөрдү кыйноо аркылуу кылмыш ишин моюнга алдырышат деген сөз. Андай болгондо, Кыргызстандын түрмөлөрүндө чыныгы кылмышкерлер эмес, кылмышка таптакыр тиешеси жок, болгону коргоп, канатына калкалап калары жок бир бечаралар отурабы деген суроо пайда болот. Айталы, Ошто подполковник Уларовдун өлүмүнө шектүү деген Н.Ражапова деген аял милициялар тараптан аёосуз кыйноо көргөнүн, күйөөсү менен инисине күнөөнү кыйнап туруп эле мойнуна алдырышканын коомчулукка жар салып айтып чыкты. Жакында эле Кадамжайда карачечекей күйөөсү аялынын өлүмүнө шектелип, башына пакет кийгизилип, кыйноо көрсөтүлүптүр. Санай берсе мындай фактылар толтура. Укук коргоочулар милиция кызматкерлери фашисттер ойлоп таппаган кыйноонун түрлөрүн айтып жакаларын карманса, оозуңан келмең түшөт. Башкасын айтпаганда, жаш өспүрүм эркек балдарды… кандай кыйнарын айтууга тил да барбайт. Антип алсыз бечараларды кыйнап, жасабаган кылмышын мойнуна алдырган милиция “уктап калып” кылмышка шектүүнү качырып ийген бир эле фактынын өзү ИИМ системасы ичинен иригенин, анын катарында кылмышкерлер менен коюн-колтук алышкандар жетиштүү экенин, ошол эле учурда күнөөсүздөрдү уруп-согуп жатып, күнөөнү мойнуна илип, абактарга тыгып жатканын көрсөтүп турат. Демек, ичинен ирип жаткан ИИМ системасы жаңыланууга жана тазаланууга муктаж.

Койдун башы, ичегисине катылган баңгизаттар…

Бир гана ИИМ системасы гана эмес, бүтүндөй күч түзүмдөрү жаңыланууга жана тазаланууга муктаж. Дегенибиз, күч түзүмдөрүнүн колу таза эмес кызматкерлери кылмыш дүйнөсү менен коюн-колтук алышып жашап, Батукаевге окшогондорду башыбызга чыгарып алганыбыз эч жашырын эмес. Абакта жатты делгени менен Батукаев ал жакта хандай жашаганы, атүгүл ал жаткан түзөтүү колониясынын аймагынан апийим өскөн плантация табылганы да кылмыш дүйнөсү өзүнүн “алтын доорун” сүрүп жатканынан кабарлайт. Ошол эле Батукаевди бошотууда өлкөдөгү “чоң күчтөр” аралашкан жок беле? Аралашкан. Демек, бизде кылмыш дүйнөсүнө түзөтүү мекемелеринин кызматкерлери аралашып эле эмес, жогорку деңгээлде кызмат кылып келатышат. Мамлекеттен жеп-ичкен мамкызматкерлер жана мамлекетке салык төлөбөгөн бизнесмендер Кыргызстандын түрмөлөрүн “багып”, кылмыш дүйнөсүнө ай сайын олчойгон “салык” салып жатышканы мактаныч кыла турган нерсе эмес. Ушул өңүттөн алганда, Жазаларды атка-руу мамлекеттик кызматынын төрагасы Т.Жапаровдун аталган кызмат канчалык күрөшкөнүнө карабай, түзөтүү мекемелеринин территориясына баңгизаттар ар кандай жолдор менен келип жатканын, баңгизаттар койдун башынан, ичегисинен табылганын жарыя айтканы муз үстүндөгү айсбергди гана эске салат.