Кайдыгерлик: “Кызыл Тууга” жазылгысы келген Коеналиев

“Кыргыз Туусу” гезитине Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматынын транспорттук каражаттарды жана айдоочулук курамды каттоо департаментинин башчысы Жоошбек Коеналиевден кат келди. Коеналиев неден жазды билбейбиз, “Кызыл Туу” гезитинин директоруна” деп кат жолдоптур. Эми каттоо департаментинин жамааты “Кызыл Туу” гезитине жазылалы десе, андай гезит жок, эмне кылышат болду экен? Же Жоошбек Кармышевич, чын эле өлкөбүздүн өнүгүү тарыхы менен тыгыз байланышта болуп келген 94 жылдык өмүрдү башынан кечирген мурунку “Советтик Кыргызстан”, азыркы “Кыргыз Туусу” гезитин билбейби? Мамлекеттик ири мекеменин жетекчисинин мамлекеттик гезитке болгон мамилеси ушундай болсо, ал мамлекеттик кызматта кантип иштеп жүрөт? Же колдогон кожосу кыйын кишиби? Акылыбыз айран болуп турат.